We’ve updated our Terms of Use to reflect our new entity name and address. You can review the changes here.
We’ve updated our Terms of Use. You can review the changes here.

О​н​л​а​й​н т​е​с​т 1 к​ы​р​г​ы​з т​и​л​и ж​а​н​а а​д​а​б​и​я​т

by Main page

about

КЫРГЫЗ ФОНЕТИСТТЕРИ

※ Download: ruimirofromb.darkandlight.ru?dl&keyword=%d0%be%d0%bd%d0%bb%d0%b0%d0%b9%d0%bd+%d1%82%d0%b5%d1%81%d1%82+1+%d0%ba%d1%8b%d1%80%d0%b3%d1%8b%d0%b7+%d1%82%d0%b8%d0%bb%d0%b8+%d0%b6%d0%b0%d0%bd%d0%b0+%d0%b0%d0%b4%d0%b0%d0%b1%d0%b8%d1%8f%d1%82&source=bandcamp.com


Кыргыз элин башка элдерден айырмалап турган улуттук өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон - эне тилин өсүп келе жаткан жаңы муунга чып-чыргасын коротпой өткөрүп берүү, үйрөтүү мурунку муундун адамдарынын, айрыкча тилди үйрөтүп жаткан педагогдордун ыйык милдеттеринен. Жамшитованын «Кыргызча - орусча, орусча - кыргызча тематикалык фразеологиялык сөздүгү» өз ичине 1,5 миң сөздү камтыйт. «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» 2 саат. Фразеологизмдердин негизги белгилеринин ар бирине өзүнчө токтолсок: Кепте даяр материал катары колдонулушу - фразеологизмдерге мүнөздүү болгон эң негизги белги.

«Фразеология жөнүндө маалымат; фразеологиялык бирдиктердин түрлөрү: фразеологиялык ширешме, фразеологиялык биримдик, фразеологиялык айкалыш»; «Фразеологиялык сөздүктөр» деген темалар «Лексикология, фразеология жана лексикография» бөлүмүндө окутулат. Фразеология боюнча терең билими бар ЖОЖдун окутуучусу өз студентине, ЖОЖду бүткөн ал адис өз кезегинде окуучусуна бул багытта жетишээрлик деңгээлде тиешелүү билимин бере алат. Эпостордон, акын-жазуучулар- дын чыгармаларынан фразеоло- гизмдерди таап, маанисин чечмелеп, пайда болуу тарыхын үйрөтүү; фразеологизмдерди катыштырып текст, дилбаян жаздыруу.

КЫРГЫЗ ФОНЕТИСТТЕРИ

АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ ОКУТУУНУН ЖАНЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ КАФЕДРАСЫ АКУНОВА АЙНУРА РЫСБЕКОВНА КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ФРАЗЕОЛОГИЯСЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ БИШКЕК 2008 УДК 811. А 44 Кыргыз тилинин фразеологиясын жогорку окуу жайларда окутуунун методикасы. ISBN 978-9967-04-291-9 Бул эмгекте жогорку мектепте кыргыз тилинин фразеологиясын тереңдетип окутуунун ыңгайлуу методикасы сунушталып, ЖОЖдордун кыргыз филологиясы, педагогика, журналистика, котормо факультеттеринин кыргыз тили окутуучулары, студенттери, изденүүчүлөр, магистранттар жана аспиранттар, орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине арналат. А 4602020400-08 УДК 811. ЖОЖдо кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди окутуу: 2. Фразеологияны тереңдетип окутуу үчүн тандоо курс, атайын семинарларды уюштуруу………………. Анын тармактары боюнча теориялык, практикалык, методикалык багыттагы ар кандай изилдөө иштери жүрүп жатат. Кыргыз тилинин өзүнчө бир тармагы болгон фразеология боюнча да бир топ эмгектер жаралды. Шүкүровдун «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштар жөнүндө» аттуу илимий макаласы аркылуу кыргыз фразеологиясын изилдөөгө алгач чыйыр салынган. Андан соң, окумуштуулар Ж. Тилдеги фразеологизмдерди чогултуу жана аларды сөздүк кылып чыгаруу иши да жакшы жолго коюлган. Сейдакматовдордун мектеп окуучулары үчүн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү», 2000-жылы Г. Жамшитованын «Кыргызча-орусча, орусча - кыргызча тематикалык фразеологиялык сөздүгү», 2001-жылы «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» толукталып 2-жолу Ш. Конкобаевдер тарабынан жарык көрдү. Бирок ушул күнгө чейин фразеологизмдерди окутуу ишине методисттер тарабынан жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай келет. Жалпы билим берүүчү мектептерде фразеологизмдерди окутуу боюнча Р. Эгембердиевдин «Фразеологияны 11- класста окутуу» 1992 аттуу чакан методикалык колдонмосу, А. Акунованын «Орто мектептерде фразеологияны окутуунун методикасы» 1998 деген темада корголгон магистрдик диссертациясынан башка барандуу эмгек жазыла элек. Демек, кыргыз тилинин фразеологиясын методикалык өңүттөн изилдөө иши учурдагы актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Дегеле ары татаал, ары кызыктуу болгон тилдеги фразеологизмдердин табияты али толук изилденип бүтө элек, ал үчүн көптөгөн теориялык, практикалык, методикалык аспектидеги илимий эмгектер илимпоздор тарабынан жаралууга тийиш. Кыргыз элин башка элдерден айырмалап турган улуттук өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон - эне тилин өсүп келе жаткан жаңы муунга чып-чыргасын коротпой өткөрүп берүү, үйрөтүү мурунку муундун адамдарынын, айрыкча тилди үйрөтүп жаткан педагогдордун ыйык милдеттеринен. Күнүмдүк турмушта пайдаланууда эч кандай чечмелөөсүз эле түшүнүүгө боло турган сөздөрдөн айырмаланып, фразеологизмдер ата-бабадан мурас катары элдин турмушун, каада-салтын, үрп - адатын, адеп - ахлагын, диний ишенимдерин өз ичине камтыган татаал тилдик бирдик, көркөм каражат болуп саналат. Мындай сөздөрдүн тарыхын билип, маанисин атайын чечмелемейин толук түшүнүүгө мүмкүн эмес. Кыргыз тилинин көркөмдүгүнө, элестүүлүгүнө, таасирдүүлүгүнө өз салымын кошкон бул сөздөрдү билим берүүнүн бардык баскычтарында терең окута баштоого кезек келди. Себеби, бул татаал табияттагы сөздөрдү улам кийинки муундардын оозеки жана жазуу кептеринде азыраак колдоно баштаганы, көркөм сөз өнөрүнөн алыстап бара жаткандыктары байкалат. Муну биз педагогикалык тажрыйбабыздагы студенттерден ар кыл жазуу иштерин алуунун, оозеки кептерине байкоо жүргүзүүнүн, мектептерде, ЖОЖдордо жүргүзүлгөн анкеталык сурамжылоонун, эксперименттердин жыйынтыктарына таянуу менен айта алабыз. Өз кезегинде орус окумуштуусу В. Радлов суктангандай, дүйнөдө теңдеши жок алп Манас баштаган дастандарды жараткан, Арстанбек, Калыгул, Жээренче чечен, Асанкайгы, Толубай сынчы, Жеңижоктон тарта Э. Турсуналиев, Уркаш Мамбетов, З. Токтоналиев сыяктуу өнөр алды - кызыл тилди туу туткан элибиздин улуу муундан калган көркөм сөз берметтерин эне тилибиздин улуттук байлыгы, өзгөчөлүгү катары кийинки муунга үйрөтүү ишине аздыр — көптүр болсо да өз салымыбызды кошолу деген максатта ушул эмгекти иштеп чыктык. Фразеология боюнча терең билими бар ЖОЖдун окутуучусу өз студентине, ЖОЖду бүткөн ал адис өз кезегинде окуучусуна бул багытта жетишээрлик деңгээлде тиешелүү билимин бере алат. Ошондуктан учурдун талабы болгон окутуунун сапатын көтөрүү, улуттук дөөлөттөрдү жандандыруу маселесин чечүүдө адистерди чыгарып жаткан ЖОЖдо эне тилден сабак берген окутуучунун жалпы лингвистикалык-педагогикалык деңгээлине көңүл буруу закон ченемдүү иш. ЖОЖдордо кыргыз тилинин фразеологиясын окутууга карата иштелип чыккан методдордун, ыкмалардын, каражаттардын жыйындысы ЖОЖдун окутуучусуна эффективдүү, кызыктуу сабак уюштурууга жардам берет; изилдөөдө берилген материалдар, сунуштар бул багыттагы иштердин жандануусуна, жайылуусуна түрткү болот; иштелип чыккан окуу курал, методикалык колдонмолор республиканын жалпы билим берүүчү мектептерине жана ЖОЖдоруна таралып, тилдин бул бөлүгүн тереңдетип окутууга көмөкчү болмокчу. Кыргыз тилинин фразеологиясынын изилдениш тарыхынан. Кыргыз тили фразеологизмдерге абдан бай. Байыртадан эле ата-бабаларыбыз кептеринде уюткулуу накыл сөздөрдү, таамай, курч сөз каражаттарын кеңири колдонуп келишкен. Укумдан-тукумга оозеки түрдө айтылып, мурас катары бизге жеткен элдик чыгармалар буга күбө боло алат. Бирок өзүнчө бир көркөм каражат болуп кылымдар бою жашап келе жаткан тилибиздеги бул сөздөргө кыргыз тил илиминде 1950-жылдарга чейин атайын илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Фразеологизмдердин табиятын тактоодо, классификациялоодо, тилден алган ордун белгилөөдө орус окумуштуулары өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. Виноградовдун «Основные понятие русской фразеологии, как лингвистической дисциплины» деген эмгеги орус тилиндеги фразеологизмдерди изилдөөгө негиз салып, башка тилдердеги мындай сөздөрдү изилдөөдө жана классификациялоодо кеңири пайдаланылып келе жатат. Орус фразеологиясын изилдөө, иликтөө иши ошол мезгилден тартып көптөгөн окумуштуулардын колдоосуна алынган. Молотков сыяктуу ондогон окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр тил илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошту. Ошентип ХХ кылымдын 40-50-жылдары фразеология - тил илиминин бир бөлүгү катары таанылып, изилдөө объектилери белгиленип, ага байланыштуу илимий иштер кеңири кулач жайган. Түркологиянын тарыхында мындай изилдөөлөр алгачкы жолу С. Анын «Казак тилинин тыянактуу сөз тиркештери»,«Казак тилинин идиомалары менен фразалары тууралуу» 1944 деген эмгектери фразеологияга арналган баалуу эмгектерден. Рахматуллаевдин «Азыркы өзбек тилиндеги этиштик фразеологиялык бирдиктердин грамматикалык жасалуу өзгөчөлүктөрү» 1952 деген темада коргогон кандидаттык диссертациясы түрк тилдериндеги фразеологизмдердин грамматикалык өзгөчөлүктөрү менен семантикалык структурасын изилдөө иштерине жол салган эмгек болуп саналат. Тил илиминде фразеологияны изилдөө иштеринин актуалдуулугу жөнүндө 1959-жылы 15-18-сентябрда Навои атындагы Өзбек мамлекеттик университетинин тил кафедрасынын демилгеси менен эл аралык конференция уюштурулуп, Самаркандда өткөн. Ал түрк тилдериндеги фразеология маселелерине гана арналбастан, жалпы эле тил илиминдеги такталууга, талкууга муктаж болгон фразеологиянын изилденишин кызуу талкууга алган. Катышуучулар ошол кездеги актуалдуу болгон фразеологизмдин түзүлүшү жана чеги; фразеологиялык түрмөктүн эркин сөз тизмегинен, татаал сөздөн, туруктуу метафоралык сөз тизмегинен айырмасын тактоо; фразеологизмдердин лексика-семантикалык жана грамматикалык түзүлүшүнүн табиятын таануу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушкан. Анын материалдары «Вопросы фразеологии» деп өзүнчө жыйнак болуп чыгып, ага С. Муратовдун «Түрк тилдериндеги туруктуу сөз тизмектери» деген доклады кирген. Андан бери түркологияда фразеологияга арналган теориялык жана методикалык багыттагы көптөгөн эмгектер иштелди жана иштелип жатат. «Двухкомпонентные глагольные номинативные фразеологические единицы в современных английских и туркменских языках» Ашхабад, 1982 , Мамедова К. «Фразеологическая синонимизация в современном азербайджанском литературном языке» Баку, 1983 , Сопиев З. «Фразеологическая работа на уроках русского языка в национальной школе с углубленным изучением предмета» Душанбе, 1988 , Ахметжанова Ф. «Фразеологические единицы типа «относительное прилагательное плюс существительное» в казахском языке» Алмата,1988 , Аллахвердиева Э. «Лексикографическая и структурно-семантическая эквивалентность в художественном переводе на основе переводов романов А. Горького на азербайжанском языке » Баку, 1987 , Джапарбекова С. «Фразеология в двуязычных словарях» Алмата, 1990 ж. Түрк тилдериндеги мындай изилдөөлөрдүн тизмеси тиркелет. Эми кыргыз тилинин фразеологиясынын изилденишине токтолсок. Юдахиндин 1940-жылы жарык көргөн «Кыргызча — орусча сөздүгүндө» фразеологизмдер кеңири кездешет жана алар башка сөз каражаттарынан айырмаланып ромб белгиси менен белгиленген. Сөздүк толукталып, 1965-жылы 2-жолку басылышында фразеологизмдердин саны дагы көбөйгөн. Тилдеги сөздөрдүн лексикалык, семантикалык, стилдик нормасын белгилеген «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» 1969 да фразеологизмдер бир кыйла берилген. Ал эми окумуштуу А. Жапаров «Азыркы адабий кыргыз тилиндеги сөз айкаштарынын грамматикалык структурасы» 1955 деген эмгегинде фразеологизмдердин сүйлөмдөгү синтаксисттик функциясына кыскача токтолгон. Кыргыз тилчилеринен фразеологизмдерди атайы изилдөөгө биринчи жолу аракет кылган окумуштуу Ж. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштар жөнүндө» 1956 деген макаласы кыргыз тилиндеги бул багыттагы алгачкы эмгек болуп саналат. Андан бери көптөгөн жылдар өттү. Фразеология тилдеги өзгөчө көркөм сөз каражаттарды изилдей турган тил илиминин өзүнчө бир салаасына айланды. Изилдей турган объектиси тилдеги фразеологизмдер боло тургандыгы такталды. Жалпы тил илиминде да, түркологияда да анын ичинде кыргыз тилинде илимий иштер иштелип, сөздүктөр түзүлүп, көптөгөн макалалар жарык көрдү. Фразеологизмдер ар тараптан иликтөөгө алынды. Кыргыз тил илиминде фразеологизмдерге байланыштуу изилдөө иштери, Ж. Шүкүровдун аталган макаласынан кийин, 60-жылдардын аягында Ж. Осмонованын демилгеси менен улантылат. Анын фразеологизмдердин өзгөчө түрү болгон идиомаларды изилдөө иштерине арналган «Идиомалардын макал-лакап менен карым-катышы» 1969 , «Кыргыз тилиндеги идиомалар жөнүндө» 1969 , «Идиомалардын лексикалык варианттары» 1970 , «Идиомалардын синонимдери жөнүндө» 1970 ж. «Кыргыз тилиндеги идиомалар» деген темада кандидаттык диссертация кыргыз тилиндеги фразеологизмдерге арналган алгачкы диссертация коргоп, 1972-жылы «Кыргыз тилиндеги идиомалар» аттуу монографиялык эмгеги басылып чыгат. Осмонованын эмгектери фразеологизмдерди теориялык планда изилдеп, өзүнүн так, даана корутундулары менен идиомалардын табиятын так ачып бергендиги менен баалуу. Мамытовдун «Кыргыз тилинин фразеологиясы» 1969 , А. Сапарбаевдин «Метафора менен фразеологиялык синонимдердин катышы» 1973 , Ж. Мукамбаевдин «Идиомалар, учкул сөздөр» 1974 , Б. Суранчиеванын «Фразеологиялык синонимдер» 1978 деген макалалары жарык көрүп, алар негизинен кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин түрлөрү, алардын лексика-семантикалык табияты, башка тилдик сөз каражаттарынан өзгөчөлүгү сыяктуу маселелерди изилдешип, атайын кыргыз тил жана адабият мугалимдери үчүн теориялык жактан жардам катары сунушталган материалдардан болгон. Кыргыз тил илиминде фразеологизмдерди теориялык жактан да, методикалык жактан да кеңири иликтөөгө алган окумуштуу Р. Анын «Фразеология-тил илиминин бир бөлүгү» 1974 , «Өнөр алды-кызыл тил» 1977 деген макалалары жалпы тил илиминде анын ичинде кыргыз тилинде фразеологизмдердин изилденишине, айрым фразеологизмдердин маанисин чечмелөөгө арналса, ал эми «Манас» эпосундагы фразеологизмдер» 1976 деген макаласында эпосто кеңири кездешкен бул сөздөрдү колдонуудагы стилдик жактан өзгөчөлүктөрү такталган. Ушул маселени терең изилдөө менен Р. Эгембердиев 1979-жылы «Манас» эпосундагы фразеологизмдер» деген темада кандидаттык диссертациясын коргойт. Бул эмгек элдик оозеки чыгармаларда, көркөм адабиятта фразеологизмдерди колдонуудагы өзгөчөлүктөрдү иликтөөчүлөр үчүн салынган чыйыр болду десек болот. Анткени башка элдерде бул темага байланыштуу бир топ эле эмгектер бар. «Фразеологизмы в произведениях М. Шолохова Самарканд, 1960 , Григорьеса А. «Фразеология поэта Пушкина» Москва, 1969 , Гусейнов С. «Лексика и фразеология в произведениях Гасумбека Закира» Баку,1973 , Дуйсетаева К. «Семантико - стилистическая характеристика особенностей казахских фразеологизмов на материале перевода романа-эпопеи М. Ауэзова «Абай жолы» на русском и английском языке » Алмата,1977 , Ахмедов Ф. Лексика и фразеология » Баку,1978 , Каххарова Х. «Фразеология Абдуллы Кадыри» Ташкент,1985 , Мамедов Забит Теймур оглы «Лексика и фразеология рассказов Сулеймана Сани Ахундова» Баку,1983 , Гусимова Г. «Фразеологизмы в казахском эпосе» Алмата,1991 ж. Бул багытта кыргыз тил илиминде жогорудагы Р. Эгембердиевдин эмгегинен сырткары, Ж. Лениндин чыгармаларындагы фразеологиялык байлыктар» 1981 , И. Исабековдун «Сынган кылыч» романындагы фразеологизмдердин орус тилине которулушу» 2001 , «Ж. Мамытовдун ырларындагы фразеологизмдердин стилистикалык функциясы» 2004 деген макалалары бар. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маанисин күчөтүүнүн жолдору» 1982 , «Фразеологизмдердин арасына сөз, же сөз айкашын кыстаруу» 1983 , «Фразеологизмдердин натыйжалуулугун жогорулатуучу ыкмалар» 1987 , «Фразеологизмдер, алардын иденфикаторлорунун стилдик максатта катар колдонулушу» 1989 сыяктуу макалалары фразеологизмдердин маанисин күчөтүүнүн жолдорун илимий түрдө изилдеген эмгектерден. Көп жылдык изилдөөлөрдүн натыйжасы болгон «Художественно- функциональные основы экспрессивности фразеологических единиц на материалах кыргызкого языка » деген темадагы кандидаттык диссертациясын 1985-жылы коргогон. Кыргыз лексикографиясында фразеологизмдерди иликтөө иши улантылып, 1980-жылы «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү», 1990-жылы Э. Сейдакматовдор тарабынан мектеп окуучулары үчүн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» жарык көрүп, окуучулар, студенттер, тил жана адабият мугалимдери, илимий изилдөөчүлөр, дегеле жалпы калайык-калк үчүн пайдалуу китептерден болуп калды десек болот. «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» 1980-жылы «Илим» басмаканасынан 2000 нускада жарык көргөн. Сейдакматовдор тарабынан түзүлүп, 4000ден ашык фразеологизмди камтыйт. Жапаров: «Иштин максаты- элдик байлыкты элге тартуулоо, же болбосо элден алып, элдин өзүнө берүү. Демек атам замандан бери элде оозеки түрдө жашап келген кенчти топтоп, кагаз бетине түшүрүп, системага салып, сөздүк жыйнак түрүндө кайра казына ээсине — элге сунуш кылуу. Бул сөздүктүн акыркы учурда сейрек кездешкен китептердин катарына киришин, анын жетишсиздигин жана айрым толуктоо, тактоолорго муктаждыгын эске алышкан окумуштуулар Ж. Жапаровдор бул сөздүктүн 2-басылышын иштеп чыгышкан. Сөздүк КРнын азаттыгынын 10 жылдыгына карата белек катары Кыргыз-түрк «Манас» университети тарабынан каржыланып, 2001-жылы 1000 нускада басылып чыгат. Сөздүктө эми 7980 фразеологизмдер камтылган. Авторлор: «Экинчи жолу басылып жаткан бул сөздүктө кыргыз тилинин фразеологиялык айкалыштарынын түрлөрү, варианттары мүмкүн болушунча толук камтылган. Алардын түшүндүрмөлөрү адабий чыгармалардан, мезгилдүү басма сөздөрдөн, саясий, илимий ж. Дагы бир ушундай кызматты аткара турган эмгек Э. Сейдакматовдор тарабынан т үзүлгөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү». Жогорудагы cөздүктөрдөн айырмаланып, бул эмгек атайын мектеп окуучулары үчүн жазылып, 1990 - жылы 7000 нускада басылып чыккан. Бирок, тилекке каршы, мектептерде бул сөздүктөр жетишсиз. Көпчүлүк мугалимдер фразеологияны окутууда бул каражатты колдонушпайт. Мындай көрүнүш албетте, окуучунун билим алышына өз таасирин тийгизбей койбойт. Фразеология ны окутуудагы баалуу каражаттардын бири- Х. Карасаевдин «Накыл сөздөр» деген сөздүгү. Көп жылдык изденүүнүн натыйжасында жаралган бул сөздүк тууралуу автор: «Бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырган тил байлыгын чогултуу, анын түйүнүн чечүү менен өмүр бою алпурушуп келдим. Биринчи кезекте «Манастан» башка эл чыгармачылыгы, унутулуп бараткан макалдарды, жалпылап айтканда накыл сөздөрдү жыйноого, анын маанисин чечмелөөгө көп аракет кылдым. Бул сөздүктө айрым фразеологизмдердин тилде пайда болушуна кандай шарттар өбөлгө болгондугу жөнүндө кызыктуу окуялар баяндалуу менен кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, диний ишенимдери жөнүндө да кабар берилет. Бул сөздүктүн 1-китеби 1982-жылы, 2-китеби 1987-жылы «Накыл сөздөр» Тил казынасынан баян деген ат менен жарык көргөн. Жамшитованын «Кыргызча - орусча, орусча - кыргызча тематикалык фразеологиялык сөздүгү» өз ичине 1,5 миң сөздү камтыйт. Жамшитова кыргыз тилиндеги кыймыл-аракетти туюндурган этиштик фразеологизмдердин 102 маанилик типтерин ажыратып мисалы: тынчсызданууну, кыялданууну, урушууну, кайгырууну туюнткан фразеологизмдер , сөздүктүн 1-бөлүгүндө орусча котормолорун, б. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди теориялык, практикалык жактан иликтөөгө арналган бир топ иштер иштелди. Ал эми фразеологияны мектептерде, окуу жайларда окутууга байланыштуу методикалык өңүттөгү изилдөө иштери солгун журуп жатат. Мындай эмгектер саналуу гана, атасак: Ж. Осмонкулов «Азыркы кыргыз тили» методикалык көрсөтмөлөр жана көнүгүүлөр жыйнагы 1979 , Ж. Чыманов «Орто мектептерде фразеологизмдерди окутуунун айрым маселелери» 1982 , «Сөз маданияты жана фразеология» 1988 , А. Калдымолдоева «Сөз айкаштарын окутуу боюнча методикалык колдонмо» 3-5-курстун студенттери үчүн 1989 , Р. Токсоналиева «Эсептик маанидеги фразеологизмдер» 1993 , Р. Эгембердиев «11- класста фразеологизмди окутуунун өзгөчөлүктөрү» 1976 , «Фразеология» 6-класста фразеологияны окутуу 1988 ,«Фразеологияны 11-класста окутуу» мугалимдер үчүн методикалык колдонмо 1992. «Азыркы кыргыз тилинде» «Кыргыз тилинин фразеологиясы» деп өзүнчө бөлүм берилип, анда эркин жана туруктуу сөз айкаштарынын айырмасы, фразеологизмдин бөлүнүштөрү, алардын изилдениши жөнүндө кыскача айтылып, он чакты ар түрдүү көнүгүүлөр берилген. «Сөз айкаштарын окутуу боюнча методикалык колдонмодо» эркин сөз айкашынан айырмаланып, туруктуу сөз айкашы сүйлөмдө бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара тургандыгы, фразеологизмдер синтаксистин изилдөө объектиси боло албастыгы жөнүндө айтылып, мисалдар келтирилген. Жогоруда аталган эки эмгек ЖОЖдун студенттерине арналган. Ал эми «Эсептик маанидеги фразеологизмдер» деген макалада Р. Токсоналиева мектепте кыргыз тили сабагында сан атоочту өткөндө «бир тыйынга татыбаган; бирди көрсөтүү; эки колун мурунга тыгуу; үч уктаса түшүнө кирбеген; төрт тарабы кыбыла; беш өрдөгүн учуруу» сыяктуу сан атоочтор катышкан фразеологизмдерди колдонуп өтүү менен окуучуларды сабакка кызыктырып, кругозорун өстүрүп, кыргыз тилиндеги мындай сөздөрдүн көрктүүлүгүнө, таасирдүүлүгүнө, элестүүлүгүнө көңүлдөрүн бурдурууну сунуш кылат. Мектептердин окуу пландарына ылайык 6-11- класстарда фразеологияны окутуу боюнча Р. Эгембердиевдин эмгектери колдоого татыктуу. Окуу программасында бөлүнгөн сааттар боюнча сабактарды өтүү ыкмалары, теориялык жактан баалуу маалыматтары, методикалык сунуштары менен азыркы учурда мектеп мугалимдери үчүн пайдалуу эмгектерден болуп кызмат өтөөдө. Бирок окуу программасынын өзгөрүшү менен бул эмгектердин айрым бөлүктөрү оңдоолорго жана толуктоолорго муктаж. Чымановдун «Орто мектептерде фразеологизмдерди окутуунун айрым маселелери» деген илимий-практикалык конференцияда жасаган докладында мугалимдердин фразеологияны окутуудагы милдеттерине жана окуу китептеринде 6-класста бул бөлүмдүн үстүртөдөн жана кыска берилгендиктен дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарына токтолгон. «Сөз маданияты жана фразеология» деген макаласында окуучулардын кептеринде фразеологизмдерди туура колдонууга үйрөтүү керектигин баса белгилеп, мугалимдерге фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери жөнүндө теориялык маалыматтарды берүүнү максат кылган. Ал эми башка тилдерде, айрыкча орус тилинин фразеологиясын окутуу боюнча, бир топ илимий иштер иштелди. Айрымдарын атасак: Орлова В. «Фразеология в курсе современного русского языка на филологическом факультета национального вуза» 1975 , Хмельницкая Н. «Методика преподавания русской фразеологии в 4-6 классах киргизской школы» 1975 , Расстегаева Ф. «Лингво-методические основы изучения русской фразеологии на факультативных занятиях в 7-8 классах средней школы» 1976 , Быстрова Е. «Теоретические основы обучения русской фразеологии в национальной школе» 1981 , Назарова О. «Обучение фразеологии в практическом курсе русского языка в национальных группах языкового вуза» 1981 , Барабаш В. Методика изучения русской фразеологии в школах с украинским языком обучения» 1982 , Христенко Т. «Методические оновы преподавания специального курса «Современная русская фразеология с точки зрения её происхождения» в национальных группах педагогических вузов» 1984 , Башатова Н. «Обогощение русской речи студентов-узбеков неязыковых вузов общественно-политической фразеологией» 1987 , Бессчетнова Л. «Отбор фразеологического минимума и активизация его в речи учащихся начальных классов казахской школы» 1992 ж. Окутууну теориясы жана методикасы адистиги боюнча корголгон диссертациялар тиркелет. Жыйынтыктап айтканда, фразеологиянын өнүгүшү жана изилдениши жөнүндө: «Фразеология — как наука систематически развивается, идет от ступени к ступени, углубляется и расширяется. Эгембердиевдин оюн толуктап, кыргыз тил илиминде 70-жылдардан тарта ушул күнгө чейин фразеология маселесин изилдөө иши окумуштуулар тарабынан кызуу колдоого алынып фразеологиянын ар кыл аспектиси боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө, дагы да кыргыз тилинин фразеологиясында толук изилдене элек, колго алынбаган маселелери боюнча теориялык, практикалык, методикалык жактан бир топ илимий иштер жүргүзүлүүгө тийиш демекчибиз. ЖОЖдун окуу план, программаларында жана окуу китеп, окуу куралдарында кыргыз фразеологиясынын берилиши. Демек, ЖОЖдо кыргыз тилинин фразеологиясын азыркы кыргыз тил илиминин жетишкендиктерине таянып терең окутууга, стандартта бекитилген минимумдун колдон келишинче көбөйтүп, иш-аракеттерди уюштурууга болот. Ал үчүн ар бир ЖОЖ өз алдынча иш-кагаздарынын нормативине ылайык мамлекеттик стандарттын негизинде окуу планын базистик жана негизги түзүшөт. Базистик окуу планы - ЖОЖдогу окуу предметтеринин тобу, курс боюнча ар бир предметке бөлүнгөн сааттардын саны жалпы, аудиториялык, өз алдынча иштөө боюнча , семестрлер боюнча өтүлүү ырааты, отчеттуулуктун формасы көрсөтүлгөн министрлик тарабынан бекитилген документ. Базистик окуу планы ЖОЖдун негизги окуу планын түзүүгө кызмат кылат. Бул план узак мөөнөткө жана ЖОЖдун өзгөчөлүгүн чагылдырып түзүлүүгө тийиш. «Азыркы кыргыз тили» дисциплина катары өтүлгөн жогоруда аталган адистиктерди даярдап чыгаруучу ЖОЖдордо фразеология лексикологиянын бир тармагы болгондуктан, анын составдуу бөлүгү катары окутулат. Демек фразеологияны окутуунун көлөмү «Азыркы кыргыз тилинин лексикология» бөлүмүнө бөлүнгөн сааттардын санынан көз каранды болот. Республикадагы айрым ЖОЖдордун окуу пландары менен таанышып, биз изилдеп жаткан предметтин окутулуш көлөмү жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтарды алдык: ТАБЛИЦА 1. Баласагын атындагы КМУУ Кыргыз филологиясы 54 6 36 4 18 2 2 экз. Арабаев атындагы КМУ Мамлекеттик тил жана мада- ният институту 66 6 36 4 30 2 3 экз. Педагогика 48 3 26 2 22 1 3 экз. Карасаев атындагы БГУ Түркология 50 6 30 4 20 2 3 зачет 4 Кыргыз-түрк «Манас» университети Котормо 70 6-7 бөлүнбөйт 2,3 экз. Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университети Кыргыз филологиясы 42 4 22 2 20 2 3 экз. Педагогика 84 6 46 2 38 4 3,4 экз. Педагогика 46 4 18 2 28 2 2 экз. Педагогика 48 3 26 2 22 1 3 экз. Баласагын атындагы КМУУ Кыргыз филологиясы 22 3 14 2 8 1 2 экз. Арабаев атындагы КМУ Мамлекеттик тил жана мада- ният институту 22 3 12 2 10 1 4 зачөт Педагогика 22 3 14 2 8 1 3 экз. Карасаев атындагы БГУ Түркология 18 3 12 2 6 1 3 экз. Педагогика 12 3 8 2 4 1 2 экз. Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университети Кыргыз филологиясы 18 3 10 2 8 1 4 экз. Педагогика 18 3 10 2 8 1 4 экз. Талас мамлекеттик университети Гуманитардык 20 3 12 2 8 1 4 экз. Педагогика 18 3 10 2 8 1 4 экз. Мындан ашык убакытты бөлүп алууга лексикологияны окутуунун мазмуну жол бербейт. Себеби, тилдеги фразеологизмдер сыяктуу эле студенттер милдеттүү түрдө синоним, омоним, антоним, историзм, архаизм, неологизм, диалектизм сыяктуу сөздөр, сөздөрдүн маанилери, лексиканын баюу жолдору, терминдер, сөздүктөр ж. Демек, азыркы кезде ЖОЖдордо колдонулуп жаткан окуу пландары фразеологияны тереңдетип окутууга шарт түзүп бере албайт. Сааттардын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгы пайда болот. Андан соң окутуучу окуу планында көрсөтүлгөн саатка ылайык өзүнүн предмети боюнча жумушчу программа иштеп чыгат. Жумушчу программа өз кезегинде предмет боюнча түзүлгөн типтүү программаны жетекчиликке алат. Учурда «Азыркы кыргыз тилинин лексикологиясы» боюнча бир нече типтүү программалар бар жана аларда кыргыз тилинин фразеологиясын окутуу боюнча материалдардын минимуму көрсөтүлгөн. Сыдыкова «Азыркы кыргыз тилинин программасы». Тилдин фонетика, лексикология, диалектология бөлүмдөрүн окутуу боюнча түзүлгөн бул программа И. Бул материалдарды окутуп үйрөтүү үчүн адабияттардын тизмеси, терминдердин минимумдары да берилет. Көлөмү 2 басма табак. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология факультетиндеги «Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиясы» кафедрасынын профессор- окутуучулар курамы иштеп чыккан «Азыркы кыргыз тили жана аны башталгыч класстарда окутуунун методикасы боюнча» 540605 адистиктеги студенттер үчүн типтүү программасы 2005. «Фразеология жөнүндө маалымат; фразеологиялык бирдиктердин түрлөрү: фразеологиялык ширешме, фразеологиялык биримдик, фразеологиялык айкалыш»; «Фразеологиялык сөздүктөр» деген темалар «Лексикология, фразеология жана лексикография» бөлүмүндө окутулат. Программанын артыкчылыгы катары практикалык сабактардын материалдарынын камтылышын айтсак болот. Фразеологиялык талдоого машыктыруу, көнүгүүлөрдү иштөө сунушталат. Ибрагимовдун «Мамлекеттик тилди жогорку окуу жайларында окутуунун типтүү программасы» 2004 И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин окуу-методикалык кеңешинин чечими менен басмага сунуш кылынган. Анда «Туруктуу сөз айкаштары; Фразеологизмдердин тилде кеңири колдонулушу; Фразеологизмдердин типтери, маани боюнча алардын синонимдик жана антонимдик болуп айтылышы; Фразеологизм менен макал-лакаптардын өз ара катышы» деген темалар фразеология боюнча окутулууга тийиш болгон минимум катары көрсөтүлгөн. Ибрагимовдун программасынын өзгөчөлүгү модулдук системага ылайык иштеп чыгылган жумушчу программалардын чогуу тиркелишинде. Автор кыргыз тилин мамлекеттик тил катары үйрөнүп жаткан ар кыл адистиктер үчүн материалдарды типтештирип, бир ыраатка салынып, бирдей окутулуш максатын көздөгөн. Ошол эле учурда ар бир адистиктин спецификалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык тапшырмалар, сөздүк иштер, тексттер системасы сунушталган. Бул жумушчу программа кыргыз тилин мамлекеттик тил катары ЖОЖдордун 1-2 курсунда өтүлө турган 216 саатка ылайыкталып түзүлүп, модулдар боюнча темалардын, тапшырмалардын ырааты берилген. Юдахиндин сөздүктөрү, фразеологиялык сөздүктөр. Мындан тышкары, КМУУда Т. Иманов тарабынан түзүлгөн «Азыркы кыргыз тилинин программасы: ЖОЖдун филология факультеттери үчүн » Фрунзе, 1977 ; Т. Сапарбаев «Азыркы кыргыз тилинин программасы: Университеттин журналистика адистиги үчүн » Фрунзе, 1989 ; БГУда С. Бейшекеевдер тарабынан түзүлгөн Бишкек, 1997 программалар колдонулууда. Бул программалар фразеологиянын акыркы жылдардагы изилдөөлөрүнүн материалдарын камтып, терминдери такталып, кайрадан иштелип чыгууга муктаж. Жогоруда айтылгандай, типтүү программанын негизинде ар бир окутуучу өз дисциплинасы боюнча жумушчу программаларын түзөт. Анда дисциплина боюнча конкреттүү өтүлө турган лекциянын жана практикалык сабактардын темасы, планы, өз алдынча иштөө боюнча темалар, аларды уюштуруунун жолдору, адабияттардын тизмеси жана сабактардын өтүлө турган күнүнө чейин көрсөтүлөт. Күндүзгү бөлүмдө модулдук системага ылайыкталып жана сырттан окуу бөлүмүнө өзүнчө окуу планында көрсөтүлгөн сааттардын чегинде иштелип чыгат. Жумушчу программалар индивидуалдык мүнөзгө ээ, б. Учурда республикабыздын ЖОЖдорунда лексикологияны окутуп жаткан окумуштуулар жана педагогдор Ж. Раимбековалардын жумушчу программалары менен таанышып, азыркы күндөгү кыргыз тилинин фразеологиясынын окутулуш деңгээли менен кабардар болуп, алардагы алгылыктуу жактарын колдонууга аракет жасадык. Мунун себеби ар кандай фактылар менен түшүндүрүлөт. Эми ЖОЖдун окуу планына ылайык типтүү жана жумушчу программаларда көрсөтүлгөн кыргыз тилинин фразеологиясына тиешелүү материалдар илимпоздор, окумуштуулар, тилчилер, тарабынан окуу куралдарында чагылдыруу маселеси азыркы кезде кандай абалда экендигин анализге алсак. Себеби, сапаттуу окуу куралысыз студент толук кандуу билимге ээ болбостугу айдан ачык. Андыктан канчалык тажырыйбалуу лектор болбосун, студенттин толук материал менен камсыз болушу, өз алдынча изденип билимин бышыктоосу жана тереңдетүүсү үчүн окуу куралын алмаштыра албастыгы белгилүү. ЖОЖдор үчүн жазылган лексикология боюнча алгачкы окуу китеби - 1956-жылы чыккан И. Яншансиндердин «Азыркы кыргыз тили» 1-бөлүм. Анда лексикага байланыштуу материалдар өтө кыска жана системасыз берилген. Ал эми Кыргыз ССР агартуу министерствосу тарабынан ЖОЖдун филология факультетинин студенттери үчүн кыргыз тили боюнча окуу куралы катары сунуш кылынган, 1959-жылы басылып чыккан Б. Юнусалиевдин «Киргизская лексикология» аттуу эмгеги кыргыз тилинин лексикасындагы уңгу сөздөрдүн өнүгүшүн тарыхый жана лингвистикалык жактан терең анализге алган. Орус жана чет элдердин ошол учурдагы изилдөөлөрүнө таянып жазылган бул уникалдуу эмгектер, лексикологиянын ЖОЖдо өтүлүүчү материалдарын толук камтыбаса дагы, кыргыз лексикологиясы боюнча изилдөөлөрдүн башаты катары азыркы күндө да өзүнүн баасын жогото элек. «Азыркы кыргыз тили лексикология » окуу китеби 1971 - жылы жарык көргөн. Авторлор «Бул окуу куралы республиканын ЖОЖдорунда окутулуп келе жаткан «Азыркы кыргыз тили» курсунунун программасына ылайык түзүлдү. ЖОЖдо азыркы кыргыз тилинин лексикасы небактан бери эле окутулуп келе жатканына карабастан, азыркыга чейин бул бөлүм боюнча программага ылайык окуу китеби, же окуу куралы жок. Бул окуу китебиндеги «Кыргыз тилинин фразеологиясы» бөлүмүн Ж. ЖОЖдун филология факультеттеринин студенттери үчүн жазылган, 1978-жылы жарык көргөн Т. Мукамбаевдер түзгөн «Азыркы кыргыз тили» фонетика, лексика окуу китеби. Аталган токтомду иш жүзүнө ашыруу максатында СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин азыркы Жусуп Баласагын атындагы КМУнун Кыргыз тил илими кафедрасынын мүчөлөрү окуу программасына ылайык «Азыркы кыргыз тили» боюнча ЖОЖдун студенттерине арналган окуу китептерин түзүшкөн. Бул окуу китебинин 1-бөлүгү кыргыз тилинин фонетика жана лексикология бөлүмдөрүн камтыган. Китептин киришүү жана фонетика бөлүмү профессор Т. Ахматов, кыргыз тилинин лексикологиясы, семасиологиясы, фразеологиясы Ж. Окуу китебин жазууда авторлор кыргыз тил илими боюнча жарыяланган эмгектер менен бирге, советтик тил илиминин ошол учурдагы жетишкендиктерин да кеңири пайдаланууга аракет жасашкандыгын китептин баш сөзүндө белгилешет. Окуу китебиндеги материалдар программага ылайык жайгаштырылып, анда студенттерге кыргыз тилинин теориялык курсун терең өздөштүрүп алууларына жардам берүү жана өз адистиги боюнча кыргыз тилинин аталган бөлүмдөрүнөн толук билим берүү максаты көздөлгөн. Бул окуу китеби жарык көргөн учурдагы фразеология маселесинин абалын, анын ичинде кыргыз фразеологиясынын изилдениши жаңыдан колго алына баштаганын эске алсак, андагы кетирилген айрым так эмес маалыматтар, терминдердин ар кандай аталыштары түшүнүктүү болот. Фразеология боюнча материалдар китептин 159-169-беттеринде камтылган. Анда «Эркин сөз айкаштары»; «Фразеологиялык айкалыштардын түрлөрү ширешме, бирдик »; «Фразеологиялык тизмек» деген 3 тема берилген. Осмонкуловдун «Азыркы кыргыз тили» 1976 аттуу методикалык көрсөтмөлөр жана көнүгүүлөр жыйнагы өз кезегенде өзүнүн жаңычылдыгы менен айырмаланган саамалык эмгектерден. Китепте студенттер үчүн курс боюнча окулуучу материалдарды өздөштүрүү үчүн методикалык көрсөтмөлөр берилген, окулуучу адабияттардын бай тизмеси сунушталган, «Кыргыз тилинин фразеологиясы» бөлүмүндө теориялык материалдар берилген соң, жалпы лексикологияга арналган 130 көнүгүүнүн ичинен 10дон ашыгы бул бөлүмдү бышыктоо үчүн семинардык сабакка кошумча каражат катары, студенттердин өз алдынча иштөөсү үчүн иштелип чыккан. Тиркеме болуп киргизилген текстке лексикалык анализ жүргүзүү боюнча тапшырмалар фразеологизмдер боюнча да , ар кыл тексттер окутуунун тарбия берүү, өркүндөтүү максаттарын да көздөгөн. Ал эми аталган китеп учурда сейрек кездешип калган эмгектерден болуп калды. Турсуновдор тарабынан пединституттардын педагогикалык факультеттери үчүн «Кыргыз тили» окуу китеби «Мектеп» басмаканасынан 1986-жылы 4000 нускада жарык көргөн. Биз иликтеп жаткан «Фразеология» бөлүмүн Э. Абдулдаев жазган, анын материалдары китептин 96-102-беттеринде берилип, төмөнкү тартипте жайгаштырылган: §36. Кыргыз тилинин фразеологиялык системасы Сөз айкаштарынын эркин жана туруктуу болуп бөлүнүшү; Туруктуу сөз айкаштарынын түрлөрү жана сүйлөмдө аткарган синтаксистик милдети тууралуу ; §37. Фразеологиялык бирдиктердин фразеологизмдердин негизги типтери фразеологиялык ширешме, фразеологиялык биримдик, фразеологиялык айкалыш. Бул окуу куралында эркин сөз айкашы жөнүндө учкай сөз болуп келип, туруктуу сөз айкаштары сүйлөө учурунда эле түзүлө калбай, алар тилде даяр түрдө жашаары айтылып, чырпык башын сындырбай, колу ачык, жаасы катуу, жону жука, мурдуна суу жетүү, таш боор сыяктуу мисалдар келтирилет да, «мындай туруктуу сөз айкаштыктары фразеологиялык бирдиктер же фразеологиялык түрмөктөр деп аталат»,- деген аныктама чыгарылат. Дыйканов тарабынан түзүлгөн «Кыргыз тилинин фонетикасы жана лексикасы» аттуу окуу куралы кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинен 1-курсун окуган студенттер үчүн сунушталып, 1988-жылдан тарта бир нече жолу басылып чыккан. Окуу куралынын 1991-жылы жарык көргөн 3-басылышы «Сөз айкашы» Словосочетание , «Туруктуу сөз айкашы» Фразеология , «Өтмө маани» Идиома деген темадагы материалдар чакан формада теориялык материаларды камтуу менен бирдикте, ар бир темадан кийин тиешелүү тапшырмалар берилгендиги менен өзгөчөлөнөт. Тактап айтканда, окуу куралда окутуунун теориясынын практика менен айкашы эске алынган. Бул окуулукта дагы эркин сөз айкашы жөнүндө маалымат берилген соң, «туруктуу айкалыш» деген термин колдонулуп, ага төмөндөгүдөй аныктама берилет: «Туруктуу сөз айкашындагы сыңарлар сөздөр тике маанисинен айрылып, сөз тизмегинде бир единица катарында колдонулат да, сүйлөмдүн бир мүчөсү болот». Мисал катары «төбө чачы тик турду»; «күлүн көккө сапырды»; «ала жибин аттабас»; «көз ачып - жумганча»; «оозунан түшкөндөй» ж. Тескерисинче, кыргыз тилинин бул тармагына арналган жаңы-жаңы окуу китептери биринин артынан бири жарык көрөт. Фонетика, лексика» 1990 , А. Жалилов «Азыркы кыргыз тили» 1996 , Сапарбаев А. «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы» 1997 , Э. Абдулдаев «Азыркы кыргыз тили» 1998 , Ж. Мукамбаев «Кыргыз диалектологиясы жана фразеология» 1998 , Ж. Мамытов «Азыркы кыргыз тили: фонетика жана лексикология» 1999 , Акунова А. Бул окуу китеп, окуу куралдарында жалпы эле лексикологиянын теориялык материалдар терең камтылып, бири ЖОЖдун филология факультеттерине арналса, бири педагогика адистигин окуп жаткан студенттерге, бири студенттерге бул бөлүмдү өздөштүрүүгө кошумча окуу куралы катары сунушталса, бири сырттан окуган студенттер үчүн жазылган. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе практикалык максатты көздөгөн ар кыл аспектидеги көнүгүүлөр да кеңири киргизиле баштаган. Эми бул эмгектердеги фразеологиянын берилишине көңүл бурсак. ЖОЖдун журналистика факультеттеринин студенттери үчүн атайын Т. Өмүралиева тарабынан жазылган «Кыргыз тили» фонетика, лексика окуу китеби 1990-жылы чыгып, окуу китебинин «Лексика» бөлүмүн С. Буга чейинки окуу китептеринин айырмасы - «фразеологизмдер» деген терминдин колдонулушу, фразеологизмге берилген аныктаманын так, конкреттешкендиги, бул сөздөрдүн негизги жана кошумча мүнөздүү белгилери такталып, сүйлөө речинде колдонулушу көркөм чыгармалардан келтирилген көптөгөн мисалдар менен далилденип берилгендигинде. Эгембердиевдин фразеология боюнча изилдөөлөрүнө таянгандыгы байкалат. «Кыргыз Республикасында гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» программасынын талаптарына ылайык «Кыргызстан-Сорос» фонду тарабынан 1996-жылы жарык көргөн «Азыркы кыргыз тили» окуулугу А. Жалилов тарабынан жазылып, ЖОЖдун педагогика жана башталгыч билим берүү методикасы адистигинде окуган студенттерге арналган. Окуулукта тиешелүү теориялык материалдардан кийин көнүгүүлөр, өзүн-өзү текшерүүчү суроолор, ар бир темага байланыштуу кошумча адабияттар да берилген. Демек, муну кыргыз тилинин фразеологиясын изилдөө ишинде жаңылыктар болуп, алар окутуу ишине да таасир тийгизип, натыйжада фразеологияны окутуу да жаңы баскычка көтөрүлүп, жандана баштаганынын белгиси катары карасак болот. Сапарбаев «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы» 1997 окуу китеби ЖОЖдун филология факультеттеринин студенттерине, мугалимдерге, кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясына кызыккан окуучулардын кеңири чөйрөсүнө арналып, КРдин Гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү программасынын талаптарына ылайык «Кыргызстан-Сорос» фонду тарабынан басылып чыккан. Жаңы материалдар, топтолгон тажрыйбалар, жетишкендиктерди, тилдик фактыларды пайдаланып жазылган бул окуу китебинен студент фразеология боюнча өз алдынча окуп, билимдерин кеңейте алат. Абдулдаев тарабынан жазылган «Азыркы кыргыз тилинде» лексикология жана фразеологиянын материалдары тилдин фонетикасынан кийин орун алган. Бул окуу китеби 1998-жылы «Кыргызстан» басмаканасы тарабынан 2000 нускада басылып, азыркы учурда ЖОЖдун студенттери тарабынан кеңири колдонулган жаңы окуу китептеринин бири. Ал ЖОЖдун кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн студенттери үчүн деп белгиленип, фразеологияга арналган эки теманы камтыйт. Фразеологизмдер жөнүндө жалпы түшүнүк», «§52. Фразеологиялык бирдиктердин фразеологизмдердин негизги типтери». Бул китепте туруктуу сөз айкаштары делбестен, «фразеологизмдер» деген термин колдонулуп, алар кеминде эки, же андан көп сөздөрдүн өз ара айкалышкан курамынан туруп, көркөмдүк касиети таасирдүү, жеке сөздөргө караганда ой-пикирди таамай, курч жана образдуу кылып туюндуруучу баа жеткис көркөм каражат катары колдонуулары белгиленип, мисал катары кой оозунан чөп албаган, кара кылды как жарган, камырдан кыл суургандай, кара суудан каймак алуу, өз көмөчүнө күл тартуу ж. Фразеологизмдердин негизги типтери катары орус окумуштуусу В. Фразеологияга байланыштуу теориялык материалдардын ошол мезгилге ылайык так жана кеңири берилиши, жеке эле кыргыз тил илимине гана таянбастан, жалпы тил илиминин, фразеологиялык сөздүктүн бай материалдарына таянуу менен иштелип чыккан бул темалар студенттин кабыл алуусу үчүн жеңил жана ыңгайлуу формада, ырааттуу, системалуу түрдө жайгаштырылганы менен өзгөчөлөнөт. Бирок бул китеп да, биздин оюбузча, тил илиминде талаш-тартышты туудурган фразеологиянын типтерге классификацияланышын камтыбай кете алган эмес. Кыргыз тилинин фразеологизмдерин тереңден изилдөөгө өз салымын кошкон окумуштуулардын бири Ж. Мукамбаевдин ЖОЖдун филология факультеттеринин студенттери үчүн кошумча окуу китеби катары сунуштаган «Кыргыз диалектологиясы жана фразеологиясы» аттуу эмгеги окуу программасында көрсөтүлбөгөн студенттердин жалпы тил илиминдеги бул тармактагы жаңы иликтөөлөр жөнүндө кабар берүү максатын көздөгөн. Ар кыл тематикадагы фразеологиянын материалдарын жеке эле студенттер пайдаланбастан, бул темага кызыккан, изилдеген окутуучулар, аспиранттар, илимпоздор өздөрүнө көп билимдерди кошо алат жана студенттердин өз алдынча билимин тереңдетүү, атайын курс жана семинарларды уюштуруу, курстук, дипломдук, магистрдик иштерди жаздыруу үчүн бай, таяныч материал катары колдоно алышат деген ойдобуз. Дагы жогоруда айтылгандай жүктү көтөрө ала турган эмгектердин катарына С. Ибраимовдун «Тил илиминин негиздери» аттуу ЖОЖдун студенттери үчүн жазылган окуу куралын жана «Тил илимине киришүү» курсу боюнча практикумду» атасак болот. Бул эки эмгек тең автордун көп жылдык окумуштуулук жана педагогдук тажрыйбасынын жемиши болуп саналат жана ЖОЖдун филология жана педагогика факультеттеринин 1-курстарында окулуучу «Тил илимине киришүү» дисциплинасы боюнча лекциялар жана көнүгүүлөр жыйнагы болуу менен катар, жалпы эле тил илиминин, анын ичинде кыргыз тилинин фразеологиясына байланыштуу бай материалдарды камтуу менен бирдикте жаңы формада, жаңыча метод менен түзүлгөн. Лекциялар курсунда негизги тексттен кийин методикалык көрсөтмөлөр, өз алдынча даярдануу жана ой жүгүртүү үчүн суроолор, тема боюнча жаңы терминдер жана тиешелүү адабияттардын тизмеси берилет. Ал эми семинар, практикалык сабактар үчүн арналган окуу-методикалык куралы кызыктуу суроолор, тапшырмалар, маалыматтар менен студентти өз алдынча билимин бышыктоого, тереңдетүүгө багыттайт. ЖОЖдун филология факультеттеринин студенттери үчүн жазылган дагы бир эмгек - Ж. Мамытовдун «Азыркы кыргыз тили: фонетика жана лексикологиясы». Чындыгында коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөр айрыкча тилдин лексикасына таасирин тийгизээри белгилүү. Мына ушул аспектиден караганда бул окуу куралында келтирилген мисалдар учурдун талабына шайкеш келет. Ал эми бул бөлүмдө биз иликтеп жаткан кыргыз тилинин фразеологиясына тиешелүү материалдар буга чейинки жарык көргөн окуу куралдарына караганда кененирээк берилген, т. «Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк», «Фразеологиялык бирдиктердин негизги типтери» деген адаттагы темалардан тышкары, «Фразеологизмдердин көп маанилүүлүгү жана омонимдер», «Фразеологиялык синонимдер», «Фразеологиялык антонимдер» деген жаңы темаларда абдан кызыктуу материалдар студенттерге жеткиликтүү илимий стилде сунушталат. Фразеологизмдердин саны да көбөйгөн, алардын варианттары боюнча «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүн» пайдалануу менен теориялык жана практикалык багыттагы кеңири материалдарды камтый алган. ЖОЖдун педагогика факультетинин студенттери үчүн жазылган «Азыркы кыргыз тили. Лексика» аттуу окуу куралы А. Раимбековалар тарабынан түзүлүп, 2005-жылы жарык көргөн. Бул окуу куралы 2001-жылы дистанттык окутуу боюнча түзүлгөн «Азыркы кыргыз тили. Фонетика» аттуу атайын сырттан окуган студенттер үчүн жазылган окуу куралынын 2-бөлүмү. Авторлор бул китептин баш сөзүндө: «Сырттан окуган студенттердин окуу иштерин уюштуруудагы өзгөчөлүктөрү, б. Ушул маселени чечүүнү көздөгөн бул окуу куралында лекциялардын толук курсу, семинардык сабактарда практикалык иштерди уюштуруу үчүн көнүгүүлөрдү, лекцияларда камтылбаган темага байланыштуу кошумча суроолор өз алдынча иштөө үчүн сунушталып, мындан тышкары, эне тили боюнча билимдерди тереңдетүү үчүн курска тиешелүү лексикалык талдоо үчүн мисалдар; студенттерге жаздырылуучу текшерүү жана курстук иштердин тематикасы; таблицалар; тесттин варианттары берилип, окууга сунушталган адабияттардын тизмеси көрсөтүлгөн. Фразеологияга байланыштуу материалдар 6-лекцияда окутулат. Ал «Кыргыз тилинин фразеологиясы» деп аталып, өз ичине төрт маселени камтыйт: 1 Фразеология жана анын изилдениши тууралуу жалпы түшүнүк; 2 Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери; 3 Фразеологизмдердин тилдин башка бирдиктеринен айырмачылыктары жана окшоштуктары; 4 Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер. Лекция ушул бөлүмдө сөз болгон ЖОЖдорго арналган кыргыз тилинин лексикологиясы боюнча жазылган алгылыктуу окуу курал, окуу китептерине таянылып жазылган жана автордун азык-оолак фразеология багытындагы изилдөө иштеринин жана педагогикалык тажрыйбасынын жыйындысы. Жыйынтыктап айтканда, азыркы мезгилде ЖОЖдордун филология, журналистика, педагогика факультеттери үчүн «Азыркы кыргыз тилинин лексикасы» курсу боюнча жазылган окуу китептеринин саны көбөйүүдө. Барган сайын алар тил илиминин жаңы жетишкендиктери менен толукталып, методикалык жактан колдонууга ыңгайлуу абалга жетип, программага байланыштуу материалдарды толук, терең камтууну көздөп, жаңыланып, өсүү жолунда деп айтсак болот. Ал эми алардын сан жагынан республиканын ЖОЖдоруна таралышы- өзүнчө маселе. Бирок окуу китеп, окуу куралдарындагы фразеологияга тиешелүү материалдар - тил илиминин өзүнчө бир бөлүмү катары берилип, мазмуну такталып, толукталып, тереңдетилүүгө дагы да муктаж демекчибиз. ЖОЖдо кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди окутуу. «ХХ кылымдын Махмуд Кашгариси» атка конгон кыргыз тил илиминдеги тунгуч лексикограф, белгилүү илимпоз, академик Кусейин Карасаев: «Урматтуу жаштар! Тил байлыгыбыз эки кабаттуу. Биринчи кабаты шайдоот болот. Аны адамдын баардыгы эле билет. Экинчи, астынкы кабаты — кишинин баардыгына эле түшүнүктүү боло бербейт. Астыңкы кабаттагы сөз байлыгын өздөштүргөн адам даанышман, сөзмөр да болот. Бул кабаттагы сөздөр «Манас» сыяктуу дастандарда, макал — лакаптарда, чыгаан жазуучулардын чыгармаларында кездешет. Орто мектептердин программасына ылайык фразеологиянын системалуу курсу 6- жана 11—класстарда, ал эми ЖОЖдун окуу пландарына ылайык бул бөлүмдү камтыган «Азыркы кыргыз тилинин лексикология курсу» 1-2- курстарда окутулат. Окутуунун бул формасында окуган студенттер фразеология бөлүмү боюнча билимдерди «Азыркы кыргыз тилинин лексикасы» курсунун 2-модулунда алышат. Республиканын ЖОЖдорунда учурда колдонулуп жаткан окуу пландарында алар жөнүндө иштин 1. Анын себеби, лексикалык материалдын көптүгү менен түшүндүрүлөт. Тилибизде фразеологизмдерден башка да сөздөрдүн көптөгөн түрлөрү, маанилик типтери бар жана аларды да окутуу закон ченемдүү иш. Бирок фразеологизмдерди окутуунун азыркы убактагы актуалдуулугун, дегеле учурдагы эне тилин окутууга байланыштуу маселени эске алып, бул бөлүмдү күндүзгү бөлүм үчүн филология факультетинде кеминде 6 саат лекция, 6 саат практикалык сабак көлөмүндө, педагогика факультетинде 4 саат лекция, 4 саат практикалык сабак көлөмүндө окутулушун жана аны төмөндөгүдөй пландаштыруу жана өткөрүүнү сунуштайбыз: ТАБЛИЦА 2. Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк: а Фразеология - тил илиминин бир тармагы, анын изилдөө обьектиси жана изилдениши;б Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери; в Фразеологизмдин эркин сөз айкаштарынан, татаал сөздөрдөн, макал — лакаптардан, сүйлөмдөрдөн айырмасы жана окшоштуктары. Альтер-нативдүү вариант Проблемалык-изденүүчүлүк китеп менен өз алдынча иштөө; маалымат технологияларын колдонуу ж. Кыргыздардын көркөм сөз өнөрү боюнча аңгеме, талкуу, жолугушуу, симпозиум, конференция, дебаттарды уюштуруу. Альтер-нативдүү вариант Маалымдоочу-өнүктүрүүчү, аудио-видео каражаттарын колдонуу; интерактивдүү методдор, ж. Фразеологияга байланыштуу көнүгүүлөр, тапшырмаларды иштетүү; Фразеологизмдердин морфологиялык, синтаксистик касиеттерин үйрөтүү; фразеологиялык талдоого машыктыруу. Фразеологизмдерди семантикалык, структуралык топторго бөлүштүрүү Фразеологиялык минимум, сөздүктөр менен иштөө. Альтер-нативдүү вариант Иштиктүү оюн конференция ; изилдөөчүлүк иштер ж. Эпостордон, акын-жазуучулар- дын чыгармаларынан фразеоло- гизмдерди таап, маанисин чечмелеп, пайда болуу тарыхын үйрөтүү; фразеологизмдерди катыштырып текст, дилбаян жаздыруу. Альтер-нативдүү вариант Магнитофондук жазуу уктуруу, изилдөөчүлүк иштер, чыгармачыл-репродуктивдүү ж. ЖОЖдун педагогика адистигин окуган студенттерге 1-2-лекция, 4-5-практикалык сабактар өтүлөт. ЖОЖдо окутуунун формалары—бул студенттин окуу ишмердүүлүгүн туруктуу уюштуруу жолдору. Окутуучу алар аркылуу окутуу процессинде студентти билим, адат, көндүмдөргө үйрөтөт, тарбиялайт, өнүктүрөт. Лекция — ЖОЖдо окутуунун методу да, формасы да болуп эсептелет. Окутуунун методу катары илимдин мазмунун оозеки түрдө ырааттуу, системалуу баяндайт. Лекциянын көптөгөн түрлөрү бар: жалпы системалуу курс, киришүү, обзордук, атайын курс ж. Фразеология - тил илиминин бир тармагы, анын изилдөө обьектиси жана изилдениши; 2. Фразеологизмдер жана алардын мүнөздүү белгилери. Фразеологизмдердин эркин сөз айкаштарынан, татаал сөздөрдөн, макал — лакаптардан, сүйлөмдөрдөн айырмасы жана окшоштуктары. Фразеология — тил илиминин бир бөлүмү. Ал өз алдынча лингвистикалык тармак болуп 50-жылдары калыптанган. Биздин өлкөдө анын өнүгүшү советтик тилчи академик В. Виноградовдун ысмы менен байланыштуу. Ал фразеологизмдерди изилдөөнүн маселелерин аныктап, алардын түрлөрүн ажыратуу менен фразеологияга негиз салган. Фразеологиянын изилдей турган объектиси - фразеологизмдер. «Фразеология» деген термин гректин « phrazls » - «түрмөк, айкалыш» жана « logos » - «сөз, илим» деген сөздөрүнөн алынган. Фразеологизмдер - тилибиздин көркөм сөз каражаттары. Мындай сөздөргө кыргыз тили абдан бай. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерге биринчи жолу Ж. Шүкүров илимий жактан изилдөө жүргүзгөн. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкаштар жөнүндө» деген 1956-жылы Кыргыз ССРнин тил жана адабият институтунун жыйнагында жарык көргөн макаласы фразеологизмдерге арналган кыргыз тилиндеги алгачкы эмгек болуп саналат. Андан бери фразеология боюнча жалпы тил илиминде да, түркологияда да анын ичинде кыргыз тилинде илимий иштер иштелип, көптөгөн макалалар жарык көрдү. Фразеологизмдер ар тараптан иликтөөгө алынды. Натыйжада фразеология тилдеги өзүнчө сөз каражаттары болгон фразеологиялык айкалыштарды изилдей турган тил илиминин бир бөлүмүнө айланды. Изилдей турган объектиси такталды. Бул ишке өз салымдарын кошкон Ж. Азыр да тилибиздин бул тармагы илимий теориялык, практикалык, методикалык жактан иликтенүүдө. Мисал катары, 2001-жылы Ж. Жапаровдор тарабынан кайрадан толукталып, 7980 фразеологизмдерди камтыган «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн» иштелип чыккандыгын атасак болот Лектор фразеология боюнча корголгон илимий иштер, монографиялык эмгектер, сөздүктөр жөнүндө студентке толук маалымат бериши керек. Фразеологизмдердин өзүнө тиешелүү негизги жана кошумча белгилери бар. Фразеологизмдердин негизги белгилеринин ар бирине өзүнчө токтолсок: Кепте даяр материал катары колдонулушу - фразеологизмдерге мүнөздүү болгон эң негизги белги. Алар адам сүйлөп жаткан учурда эркин сөз айкаштары сыяктуу кайрадан түзүлүп отурбастан тамак ичүү; кызыл алма; жардам берүү, биринчи китеп, ж. Мисалы: кол ийрисине тартуу, мыйыгынан күлүү, сары майдай сактоо, ташка тамга баскандай, эрдин кесе тиштөө, эшек такалоо ж. Фразеологизмдер эки, же андан көп компоненттерден турат. Алардын сөз делбей, компонент деп аталышынын себеби, фразеологизмдердин тутумундагы сөздөр ар бири өзүнүн берген маанисинде колдонулбастан, жалпы биригип бир маанини бергендигине байланыштуу, б. Төмөнкү фразеологизмдер: колу жука, жайыл дасторкон, оозу ачык, ак тандай, алдына түшүү - 2 компоненттен; ала жипти аттабаган, жумурткадан кыр чыгаруу, куурай башын сындырбоо, жалпак тилге салуу, капталынан күн көрүнүү — 3 компоненттен; жүргөн жерине чөп чыкпаган, бешиктен бели чыга элек, кара жанды карч уруу, салкын көз менен кароо - 4 компоненттен; ары карап ыйлап, бери карап күлүү; отуну менен кирип, күлү менен чыгуу; оозунан сары ит кирип, кара ит чыгуу; ооз ачып өпкөн, көз ачып көргөн он кулагың менен да, сол кулагың менен да ук ж. Маани жактан ширелишип, лексикалык жактан бир бүтүндүккө айланышы. Жогоруда айтылгандай, фразеологизмдердин компоненттери өздөрүнүн алгачкы лексикалык маанилеринен толук же жарым-жартылай алысташып, маани жактан өз ара ширелишип, фразеологиялык бир мааниге биригишет. Мисалы: жылдызы жарык - сүйкүмдүү; арасынан кыл өтпөгөн - ынтымактуу; төбөсү көккө жетүү — кубануу; ат тезегин кургатпай - тез-тез; тарс эсинен чыгуу - унутуу ж. Бирок бардык эле фразеологизмдердин маанисин бир синоним сөз менен алмаштырууга болбойт. Кээ бир учурда алардын маанисин бир нече сөздөр, же суйлөмдөр менен түшүндүрүүгө туура келет. Мисалы: карышкырга кой кайтартуу; кашыктап жыйып, чөмүчтөп чачуу; сакасы алчы конуу; тилинен бал тамуу; түндүктөн түшкөн ууру, ж. Өтмө мааниде колдонулуп, эмоциялуу-экспрессивдүүлүгү, образдуулугу. Фразеологизмдер жөнөкөй сөздөн затты же анын белгилерин атоодо, кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалы ж. Маселен, эч кимге кара санабаган, жамандык ишке барбаган, бирөөнүн бир нерсесине көз артпаган, жоош, момун адамдардын асыл сапаттарын; адилеттикти, бардыгына тең караган калыстыкты таамай жана таасирлүү туюндуруш үчүн ала жипти аттабаган, кой оозунан чөп албаган, кара кылды как жарган сыяктуу; эпчилдикти, кылдаттыкты, айлакерликти камырдан кыл суургандай; кара суудан каймак алуу; биттин ичегисине кан куйган деген сыяктуу; көрө албастык, ичи тарлык, өзүмчүлдүк, кыйкымчылдык сыяктуу жаман адаттарды ичине кара таруу айланбоо; өз көмөчүнө күл тартуу; жумурткадан кыр чыгаруу; кылдан кыйкым табуу, кылдан кыя бастырбоо деген фразеологизмдер аркылуу туюндурсак, же болбосо «Берекелүү күз айы» дебестен, «Ак төөнүн карды жарылган күз айы», «Жакшылап издеп, сөзсүз таап кел» дебестен, «Сары изине чөп салып, жерден чукуп болсо да таап кел» деп, кебибизде фразеологизмдерди ыктуу колдонсок, айтайын деген оюбуз ары таасирдүү, ары көркөм, ары образдуу да болоору байкалат. Образдуулук дайым эле ачык боло бербейт, бирок аздыр-көптүр болсо да байкалат. Мына ушул образдуулук белгиси фразеологизмдерди тилибизде көркөм сөз каражат катары колдонулушун шарттайт. Фразеологизмдердин дээрлик көпчүлүгүнүн составындагы компоненттери бири-биринен ажырабай туруктуу келишет. Компоненттердин бирөөнү эле алып салсак, же орун которуштурсак, фразеологиялык жалпы мааниси чыкпай калат. Бирок бардык эле фразеологизмдерди түзүүгө катышкан сөздөрдүн орун тартиби такыр ажырагыс деп айтуу туура эмес. Бул белги айрым учурда бузулат. Сөздөрдүн кошулуп же кемитилип айтылышы, орун тартиби сакталбаган учурлар да кездешет. Бул негизинен ыр түзүлүшүндө муун өлчөмүн, уйкаштыкты бузбоо үчүн жана көркөм чыгармаларда стилистикалык максатка ылайык колдонулат. Мисалы: «Айтканда тилим албасаң, Бармагыңды бир жерде Кесе тиштеп каларсың ». «Жаныш-Байыш» « Канаттууга кактырбай , Калкын жоодон сактаптыр. Калың кыргыз коопсуз, Жергесин душман баспаптыр. Тумшуктууга чокутпай , Туурун жоодон сактаптыр. » «Карач —Көкүл»баяны Бул келтирилген мисалдардагы «бармагын кесе тиштөө», «канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» деген фразеологизмдердин бардык компоненттери чогуу болбостон, ортосуна сөздөр кыстырылып колдонулду. Сүйлөмдө синтаксистик жактан бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы. Фразеологизмдердин составындагы ар бир компонент өз алдынча сөз катары колдонулбагандыктан, алардын жалпы суммасы бир маанини билдиргендиктен, ар бир компонент өз алдынча сүйлөм мүчөсү боло албастыгы келип чыгат. Кара жаак, жез таңдай, Баары келсин тоюма. Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип өзөк жалгадык. Кара кылды, как жарган Кан Бакай сөзүн баштады. Ачык оозго сөз айтпа, Сырты коозго көз артпа. Ташчайнар менен Акбара башы ооган тарапка бет алышып, кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. Мисалга алынган фразеологизмдер бир гана суроого жооп берип 1- сүйлөмдө сүйлөм мүчөсү боюнча ээ; 2- сүйлөмдө баяндооч; 3- сүйлөмдө аныктооч; 4- сүйлөмдө толуктооч; 5- сүйлөмдө бышыктоочтун милдетин аткарышты. Фразеологизмдердин жогорку аталган негизги белгилеринин негизинде аныктама чыгарабыз. Демек, тилдеги эки же андан көп компоненттен туруп, пикир алышууда даяр материал катары пайдаланылып, мааниси тутумундагы жеке сөздөрдүн семантикасынан алыстап, ширелишкен бир бүтүндүктү түзгөн, өтмө мааниде колдонулуп, эмоциялуу-экспрессивдүү, образдуулук касиетке ээ болуп, сүйлөмдө грамматикалык жактан бир гана милдет аткарган тилибиздеги көркөм сөз каражаттары фразеологизмдер деп аталат. Жогорудагы лекцияны окуп жатып, лектор өз кезеги менен эң бир натыйжалуу жана кеңири колдонулган көрсөтмө куралдарынын бири - таблицаларды иллюстрациялап колдонуу менен студенттердин угуу сезимдери менен кошо көрүү сезимдерин да билимди өздөштүрүүгө, эстеп калууга бурдуруп, аудиторияны туура жетектөө менен сабактын максатына жете алат. Бул таблицаларды жалпы аудиторияга ылайыктап, же ар бир студентке таратылуучу материал катары колдонууга болот. Лекциянын көрсөтмө куралдар менен коштолуп окулушу студенттер тарабынан жазып алууга да ыңгайлуу жана жеңил болуп, аз убакытты талап кылат. Төмөндө мындай таблицалардын үлгүлөрүн беребиз. Кепте даяр материал катары колдонулушу. М : ташка тамга баскандай; төө чечкендей болуу; жылкы кыял; ак жолтой, Ат байгелүү болсун! Куш боо бек болсун! Компоненттүүлүгү М : жайыл дасторкон; куурай башын сындырбоо; кара жанды карч уруу; мурдунан эшек курту түшө элек; он кулагың менен да, сол кулагың менен да ук ж. Маани жактан ширелешип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы. М : жылдызы жарык; арасынан кыл өтпөө; ат тезегин кургатпоо; каш кабактын ортосунда; беш өрдөгүн учуруу ж. М : ак төөнүн карды жарылган; битин сыгып канын жалаган; сары изине чөп салуу; ийненин көзүндөй; ийне жеген иттей, эгиз козудай ж. М : кабырга менен кеңешүү; сүттөн ак; үшкүрүгү таш жаруу; колу жеңил; өз көмөчүнө күл тартуу; көз ачып-жумганча ж. Синтаксистик жактан сүйлөмдө бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы. М : Ташчайнар менен Акбара башы оогон тарапка бет алышып, кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. Лекциянын 3-бөлүгүндө тил илиминде талаш-тартышты туудурган маселе - фразеологизмдердин табияты, б. Себеби студент бул тилдик бирдиктердин чегин так билүүсү менен фразеологизмдердин табиятын туура түшүнүүгө жетише алат. Ал үчүн окутуучу студенттердин бул маселе боюнча ойлорун угуп, аларды системалаштырып, конкреттештирип өздөрүнө жыйынтык чыгарууну тапшырат. Макал-лакаптарга тиешелүү жыйынтыктар төмөнкү таблицалар менен салыштырылып, анализденет. Кепте даяр материал катары колдонулушу. М : Жүрөгүндө кара жок; куландан соо; сүткө тойгон күчүктөй ж. «Карынын сөзүн капка сал», «Ырыс алды - ынтымак», «Биринчи байлык - ден соолук» ж. М : Эт менен челдин ортосунда; эне сүтүн актоо; чар көпөлөк айлануу; уйдун бөйрөгүндөй, уй мүйүз тартуу ж. «Бөлүнгөндү бөрү жейт», «Билим алуу ийне менен кудук казгандай», «Туулган жердин топурагы алтын» ж. М: Иттин арткы шыйрагындай, төбөсү көккө жетүү; беш өрдөгүн учуруу; котур ташы койнунда ж. «Иши илгери болоордун ити чөп жейт»,«Бир карын майды бир кумалак чиритет» ж. М: Кара кылды как жарган Кан Бакай сөзүн баштады. М: Эр эмгегин жер жебейт эр-аныктооч, зат атооч; эмгегин-толуктооч, зат атооч; жер-ээ, зат атооч; жебейт-баяндооч, этиш. М: Кылычынын бал тамган; кыпча бел; ээн баш; төкпөй-чачпай айтуу; төөнүн куйругу жерге тийгенде ж. М: «Баланы жашынан, аялды башынан»; «Вазир жакшы - хан жакшы, Аял жакшы - эр жакшы». М: атка жеңил, тайга чак; бычакка сап болгондой ж. Дидактикалык мүнөзгө ээ М: «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат», «Кыздуу үйдө кыл жатпайт». М: « Канаттууга кактырбай , Калкын жоодон сактаптыр. Калың кыргыз коопсуз, Жергесин душман баспаптыр. Тумшуктууга чокутпай , Туурун жоодон сактаптыр». М: «Шодоконун бүркүтүндөй жутунба»; «Жакшы менен жайлоого чыксаң, кудалашып түшөсүң, Жаман менен жайлоого чыксаң, кубалашып түшөсүң» ж. Фразеология боюнча өтүлүүчү «Фразеологизмдердин башка тилдик бирдиктерден айырмачылыктары жана окшоштуктары» аттуу лекциянын бул 3-бөлүгүн проблемалык метод менен уюштурса да болот. Мындай ыкманы колдонуу студенттерди активдештирип, өз бетинче изденип билим алууга, окуган материалдан жыйынтык чыгарууга, ойлонууга өбөлгө түзөт. Бул методду колдонуунун негизги максаты болуп студенттин кесиптик проблемалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн, кабыл алган билимин жана көндүмдөрүн кырдаалга жараша өзгөртүүгө жетишүү саналат. Ал үчүн лектор сабакты 3 этапка бөлөт, анын 1-этабында тил илиминде фразеологизмдерди эркин сөз айкаштары, татаал сөздөр, макал — лакаптар, сүйлөмдөр менен айрым белгилери боюнча жакындыктары болгондуктан айырмаланбай калган учурлар кездешээри эскертилип, студенттерге доскага илинген таблицаны пайдаланып, ушул 5 тилдик бирдиктерди өз алдынча ажыратып чыгуулары тапшырылат. Кыргыздын балдары Колунан көөрү төгүлгөн ата-эне Кыздуу үйдө кыл жатпайт. Ата-энеме жакшылык кылуу менин милдетим. Балдай таттуу Кабагына кар жаады боз үй Өнөр алды-кызыл тил. Асан, Үсөн- эгиз балдар. Алдын — ала даярдалган бул таблицада 15тен 30га чейинки аталган тилдик бирдиктер тең санда, баш - аламан жайгаштырылат. Алар суурулуп, өз ордуларына коюулууга ыңгайлашкан формада болот. Студент керек болгон билимди окуп, өздөштүрүп, пайда болгон проблеманы чечиши керек. Ал үчүн тиешелүү материалдар менен студент камсыз кылынат Окуу китеби, лекциянын тексти же тиешелүү маалыматты камтыган магнитофондук жазуу ж. Бул иш-аракеттер проблемалык окутуунун 2-этабын түзөт. Проблемалык окутуунун 3-этабы — алдына коюлган проблеманы чечиш үчүн аны андан ары системалаштыруу менен жыйынтыгын чыгаруу. Студенттер тилдик бирдиктерди тилкечелерге жайгаштыруу менен эмне үчүн, кайсы белгисине карай ушундайча бөлүштүргөндүгүн түшүндүрүшөт. Лектор тарабынан проблемалык метод менен уюштурулган бул сабак туура натыйжа берсе, студент өз алдынча аныктамаларды чыгарууга жетишиши керек. Бул терминдер доскага алдын-ала жазылып, кагаз, маркер таратылып, студенттердин тобуна тапшырылат. Педагогикалык, психологиялык критерийлер эске алынуу менен туура уюштурулган бул лекцияда жаңы билимге, көндүмгө студент даяр түрдө да, өз алдынча проблеманы чечүү менен да ээ болот. А бул болсо ЖОЖдорго коюлуп жаткан мезгилдин талаптарынын бири. ЖОЖдо билим берүүдө студентке билим,көндүм, адаттарды жөн гана берүү жагы көздөлбөстөн, аларды тандоо, анализ, синтез кылууга, «ачылыш» жасоого, диалогго барууга көнүктүрүү басымдуу болушу керек. Бул жөнүндө немец педагогу И. Герберт: «Мугалим — активдүү болсо, окуучу — пассивдүү, ал мугалим айткан даяр билимди гана өздөштүрөт», - дейт. Герберттин системасы боюнча окутууда негизги күч окуучунун эстеп калуусуна байланыштуу, б. Дистервег: «Жаман мугалим — чындыкты берет, жакшы мугалим аны тапканды үйрөтөт» - десе, америкалык педагог Ж. Дьюи окутуу процессиндеги оор жүктү өз алдынча иштөөгө коёт, б. Мугалимдин функциясын консультация берүү, аңгемелешүү менен чектейт, К. Люткин «Окутуп жатып изилдөө, изилдеп жатып окутуу! Фразеология бөлүмү боюнча сунушталып жаткан 2 — лекция ЖОЖдордо калыпка салынган «Фразеологизмдердин негизги типтери» деген лекцияга альтернативдүү вариант катары берилди. Чындыгында 1- тема лингвистикалык жактан татаал, талаш-тартышты туудурган темалардын бири. Виноградовдун орус тилиндеги фразеологизмдерди классификациялаганда колдонулган 3 типти азыркы мезгилде башка тилдерде колдонуунун зарылдыгы жана тууралыгы жөнүндө илимий чөйрөдө талаш-тартыштар бар. Ошого карабастан, бул классификация биздин тилде да колдонулуп, ал жөнүндө маалыматта болуусу филолог, педагогдор үчүн программадагы материалдардан. Бул тема мектеп программасында да окутулат. Биздин оюбузча, мындай так изилденбеген материалдарды окутуунун ордуна кыргыз фразеологиясынын соңку изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы болгон биз сунуштап жаткан лекциянын материалдарын окутуу эне тилибиздин байлыгын, таасирдүүлүгүн, көп кырдуулугун далилдөө менен студенттердин сөз байлыгын өстүрүп, кептеринин көркөм, таасирдүү, эмоциялуу болушун шарттап, ата-бабадан калган бул мурастарды сан жагынан да, сапат жагынан да өз кептеринде туура колдонууга түрткү бормокчу. Бул лекцияны өз практикабызда кеңири колдонуп жүргөн студенттерди жаңы материалды өз алдынча окуп үйрөнүү методу менен уюштурмакчыбыз. Бул методду окутуунун күндүзгү жана сырттан окутуу бөлүмдөрүндө да кеңири пайдаланып жүрөбүз. Ал үчүн биринчиден, студенттердин ар бири, же экиден бир болуп лекциянын тексти менен, же болбосо колдон келсе атайын бул метод менен жазылган окуу куралдары менен камсыз болуулары зарыл. Студент лекциянын ар бир маселесин өз - өзүнчө, тиешелүү убакыттын ичинде окуп чыгып, конспектилеп, лекциянын аягында берилген текшерүү үчүн суроолорго даярданат. Окутуучу аудиториянын жалпы деңгээлине жана студенттердин жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ар бир маселени өздөштүрүүгө жана конспектилөөгө 15-20 мүнөттөн убакыт берип 3 маселе үчүн 45-60 мин , суроолорго жооп берүү үчүн калган убакытты пайдаланса болот. Мындай метод менен өтүлгөн сабактардын жыйынтыктары жөнүндө иштин 2. Альтернативдүү вариантта сунушталган лекциянын тексти: Тема: Фразеологиялык синонимдер, омонимдер, антонимдер. «Кыргыз тилиндеги синонимдердин пайда болушунун бир булагы катары фразеологиялык синонимдер жөнүндө мурунку лекцияларда сөз кылып, төмөндөгүдөй мисалдарды келтирген элек: бат-тез-дароо-ылдам-чапчаң-көз ачып-жумганча - бир заматта - алеки заматта — каш-кабактын ортосунда — айта-буйта дегиче; сүйүнүү - кубануу- маңдайы жарылуу- кубанычы койнуна батпоо - жүрөгү жарылуу - төбөсү көккө жетүү - чечекейи чеч болуу; өкүнүү - бармагын тиштөө - оозун кармануу; калп-жалган - беш өрдөгүн учуруу; кылдан кыйкым табуу - жумурткадан кыр чыгаруу; күлүн көккө сапыруу - ташын талкан кылуу - тополоңун тоз кылуу; эгиз козудай — союп каптап койгондой; ашкан чебер - колунан көөрү төгүлгөн ; таң кулан өөк атканда - таң супа садык чалганда — таң кылайганда ж. Кыргыз тилинде фразеологизмдер жөнөкөй сөздөргө синоним болуп түшүү менен бирге эле, мааниси бири-бири менен жакын, бирдей маанини туюнтканы да арбын кездешет. Осмонова: «Фразеологизмдердин варианттары жана синонимдердин ар бири - өз алдынча фразеологизм. Ошондуктан ар бири алфавит тартибине ылайык өз - өз ордунда берилет да, мааниси түшүндүрүлүп, тийиштүү иллюстрациялык материалдар менен жабдылат. Маселен, каны катуу - тили оозуна батпоо; жети өмүрү жерге кирүү - бетинен оту чыгуу - өлбөгөн төрт шыйрагы калуу; тил эмизүү - иттен чыгаруу, иттин кара капталынан - чач этектен; ак эткенден так этүү - ичкен ашын жерге коюу - эки көзү төрт болуу ж. Фразеологиялык варианттар - бир эле фразеологизмдердин ар түрдүү өзгөрүлүп айтылган түрлөрү. Алар маанилери жана синтаксистик касиети боюнча айырмаланбастан, лексикалык составы жагынан гана жарым-жартылай айырмаланат, же составындагы сөздөрдүн формасы, алган орду боюнча өзгөчөлөнөт» деп белгилейт. Фразеологизмди түзүүчү компонеттеринин бирди - жарымынын башка сөз менен алмаштырылышы аркылуу түзүлгөн варианттары. Мисалы: куркулдайдын уясын табуу - үкүнүн уясын табуу; аарынын уюгуна тийүү - жыландын уюгуна тийүү; ажыдардын куйругун басуу - жыландын куйругун басуу; ай жамалдуу- ай жүздүү - ай чырайлуу; көзү тирүү - эти тирүү; күлүн көккө сапыруу — күлүн асманга сапыруу: жонунан кайыш алуу - жонунан кайыш тилүү; асман айга түйүлүү - асман бою түйүлүү; алчы таасын жеген - алчы таасын мүлжүгөн - алчы таасын кемирген; кекиртегин талга илүү - кекиртегин талга асуу ж. Фразеологизмдин курамындагы айрым сөздүн тыбыштык жактан анча-мынча айырмаланышынан түзүлгөн варианттары. Мисалы: ыргыткан ташы өргө кулоо - ыргыткан ташы өйдө кулоо; ыйманы учуу - ыманы учуу; ыйманы ысык - ыманы ысык; жети өмүрү жерге кирүү- жети омуру жерге кирүү ж. Фразеологизмдердин түзүүчү компоненттеринин сан жагынан өзгөртүүгө учурашынан, б. Мисалы: Ак жолуң ачылсын! Түзүүчү компоненттеринин грамматикалык формаларынын, же орун тартибинин өзгөрүүлөрүнүн натыйжасында пайда болгон фразеологизмдердин варианттары грамматикалык вариант деп аталат. Мындай өзгөрүүлөрдөн фразеологизмдин мааниси өзгөрбөйт. Мисалы: Таш боор - боору таш; каны кызуу - кызуу кандуу; бети кара - кара бет; ачык ооз - оозу ачык; бир кишидей бар экен - бир кишиче бар экен; мурду балта кеспөө - мурдун балта кеспөө; ана - мына дегиче — андай - мындай дегиче ж. Фразеологиялык варианттардын аталган түрлөрү ар түрдүүчү алмашылып келүүнүн натыйжасында тилибизде көп варианттуу фразеологизмдердин пайда болгондугун көрөбүз. Мисалы: Акесин таанытуу - акесин көзүнө көрсөтүү - атасын көзүнө көрсөтүү - жети атасын таанытуу - жети атасын көзүнө көрсөтүү - чоң атасын таанытуу - бабасын таанытуу; Ач кенедей асылуу - ач кенедей жабышуу - акидей асылуу — ач кенедей жармашуу - ач күзөндөй асылуу - чап кенедей жармашуу ж. Сөз сыяктуу эле фразеологизмдер да бир маанилүү жана көп маанилүү болушат. Бир маанилүү фразеологизмдерге төмөнкү мисалдарды келтирсек болот: адалдан түгү жок «колунда малы жок, жарды» ; ай айланып, жыл тегеренбей «анча көп убакыт өтпөй, тез эле, аз эле убакыттын ичинде» , алты саны аман «дени таза, алдуу, күчтүү» ; ат жалына казан асуу «жол жүрүп, ат үстүндө кетип бара жатып, жанына ала жүргөн азык зат менен тамактануу, өзөк жалгоо ; беш колундай билүү «жат, бардыгын толук билүү» ; бешиктен бели чыга элек «бойго жете элек, эр азамат боло элек, өсүп жетиле элек, жаш» ; биттин ичегисине кан куйган «өтө бышык, абдан тың» ; күлү бир жерде додо болбоо «бир жерге байыр алып турбоо, турук албай ар кайсы жерде көчүп жүрө берүү» ж. Фразеологизмдер да көп маанилүү сөздөр сыяктуу бир нече мааниге ээ болот, башкача айтканда, бир нече түшүнүктү туюнтат. Фразеологизмдердин ар башка маанилери сөздүктөрдө араб цифрасы менен номерленип берилет. Көз кырын салуу 1 Каралашуу, жардам берүү; 2 Бир нерсени байкоо, көз жүгүртүү, астыртан кароо. Жеке сөздөгү көп маанилүүлүк менен омонимдерди айырмалап карагандай эле, фразеологиялык омонимдерди да, көп маанилүү фразеологизмдерден ажырата билүүбүз керек. Омоним фразеологизмдердин маанилеринин ортосунда эч кандай жакындык, байланыш болбойт. Тилибизде фразеологиялык омонимдер өтө эле сейрек учурайт. Тилибизде лексикалык антонимдер сыяктуу эле карама-каршы мааниде колдонулган фразеологиялык антонимдер да бар. Мисалы: Бал тилдүү «жагымдуу сүйлөгөн, сөзмөр» - уу тилдүү - «жан кейитип жаман сүйлөгөн, ачуу тилдүү ; Башы ачык «кудалашкан, сүйлөшкөн жери жок, сөйкө салынбаган» - башы байланган «кудалашкан, сүйлөшкөн жери бар, сөйкө салынган» ; Башы бышкан — башы быша элек; Башын ачуу - башын байлоо; Кабагы ачык — кабагы бүркөө; Ак жүрөк — кара жүрөк ; Көккө көтөрүү — жерге уруу ж. Биз жогоруда кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маанилик жагына тиешелүү маселелерге кыскача токтолдук. Фразеологизмдер лексикалык курамына, грамматикалык структурасына, чыгыш тегине, колдонулуш чөйрөсүнө, экспрессивдүү - стилистикалык касиеттерине, активдүү жана пассивдүү колдонулушуна, эскилик жана жаңылыгына карата да кеңири талдоого алынууга тийиш. Маселенин бул жагы боюнча кыргыз тил илиминде кийинки мезгилде гана кеп козголо баштады. Осмонованын «Кыргыз тилиндеги идиомалар» 1972 деген эмгегинде фразеологизмдерге грамматикалык мүнөздөмө берилсе, А. Сапарбаевдин «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы» 1997 жана Ж. Мукамбаевдин «Кыргыз диалектологиясы жана фразеология» 1998 аттуу окуу китептеринде фразеологизмдерди жогоруда аталган аспектилерде изилдөөгө аракеттер жасалган. Албетте, бул аракеттерди маселенин толук чечилиши катары эсептөөгө болбойт. Кыргыз тилинин фразеологиясы теориялык жана практикалык жактан кеңири планда атайын изилдөөгө муктаж» - деп фразеология боюнча пландаштырылган 3-лекцияны студенттерди илимий изилдөөгө шыктандырып, учурдагы тил илиминдеги актуалдуу маселелеринин бирин айтуу менен жыйынтыктайбыз. Бул лекцияны студенттер өз алдынча окуп чыгышып, дептерлерине конспектилешет. Лекциянын текстинин аягында берилген текшерүү үчүн суроолорго өз беттеринче жооп издешет. Жогоруда айтылгандай, жаңы теманын өздөштүрүлүшүн текшерүү максатында берилген суроолорго студенттер оозеки жооп беришет. Окутуучу аудиториянын өздөштүрүү деңгээлин билген соң, өзү керек деген маалыматтарды берип, тереңдетип, студенттердин берген суроолоруна жооп берет, жалпы фразеология бөлүмүнүн материалдары боюнча студенттердин билимдерин баалоо, текшерүү үчүн атайын түзүлгөн тест алса болот. Тест ыкмасы студенттер ээ болгон билимдерин аз убакытта аныктап алууга окутуучу үчүн эң ыңгайлуу. Ал үчүн окутуучу 10 -15 тапшырмадан турган тест түзөт. Ак сүтүн актоо Б. Ак сүтүн кечүү В. Эне сүтүнө коюу Г. Эне тилим - эне сүтүм Д. Ак сары башыл Б. Синтаксистик жактан өз алдынча талданышы. Сөзмө - сөз которулбастыгы Г. Күйбөгөн жери күл болуу Б. Кекиртегин талга асуу В. Бөрүнүн көзүн жеген Г. Ыргыткан ташы өйдө кулоо Д. Алтын шилекейин чачыратуу Б. Кой оозунан чөп албаган В. Ак көрпө жайыл Г. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуу Д. Өкүнүү, кейүү, кайгыруу Б. Ичи тардык кылуу Д. Фразеологизмдеги көп маанилүүлүк Д. Окутуучу айрым материалдарды студенттин өз алдынча изденип, билимин тереңдетүүсү үчүн тапшырат. Карасаевдин «Накыл сөздөрүндөгү» фразеологизмдин мааниси жана пайда болушу жөнүндөгү маалыматтар менен таанышуу. Бул материалдардын тегерегинде ар түрдүү аспектидеги текшерүү, реферат, доклад, курстук, дипломдук иштерди жаздыруу; окуу конференцияларын, тегерек стол, симпозиумдарды уюштуруу аркылуу ЖОЖдо студенттерди илимий ишке тартуу маселеси аздыр-көптүр ишке ашмакчы. Практикалык, семинардык сабактарга бөлүнгөн 4-6 саат ичинде окутуучу лекцияда берилген материалдарды, студенттердин өз алдынча алган билимдерин практикада пайдаланууга машыктырууга мүмкүнчүлүк алат. Ал үчүн окутуучу өз алдынча эмнени? ЖОЖдо өтүлгөн семинардык сабактын 2 тиби бар: а Студент менен күн мурунтан окутуучу тарабынан берилген план боюнча аңгемелешүү; б Студенттин чакан докладдарын семинардын катышуучулары менен талкуулоо. Семинардык сабактар — окуу процессинин өзгөчө татаал формасы. Биз төмөндө фразеология боюнча өтүлүүчү практикалык, семинардык сабактын 3 вариантын сунуштайбыз. Карасаевдин «Накыл сөздөр» эмгегинен айрым фразеологизмдердин келип чыгыш тарыхын өздөштүрүү. Практикалык, семинардык сабактын планы студенттерге алдын-ала жаздырылып, тиешелүү адабияттардын тизмелери берилет. Тапшырмаларды аткаруунун жолдору окутуучу тарабынан түшүндүрүлөт. Фразеологияны окутууга байланыштуу мындай кошумча каражаттардын жетишсиздигин эске алып, окутуучуларга таяныч үлгү катары өздөрү да мындай тапшырмалардын варианттарын түзүү үчүн пайдалануу үчүн иштеп чыктык. Фразеологизмдерди кашаанын ичиндеги сөздөрдү пайдалануу менен толуктагыла. Алтын…; бармагын…; беш кол…; биттин ичегисине…; боору…; бөрүгө кой…; бычакка…; зээни…; жайыл…; жаман айтпай…; жан…; жапа…; жер каймактагандан…; жибин…; жумурткадан…; жүнүн…; жүрөгү…; жыланды…; жылаңач…; ийне жеген…; ичкен ашын…; кабагына…; каймакка…; какаганга…; калчаган чүкөсү…; камырдан…; ак…; кашыктап жыйып…; сүткө тойгон…; эт менен…; чириген…; ак сүтүн…; Жооптор: …тиштөө; …кан куйган; …кайтартуу; …кейүү; …жакшы жок; …тырмак; …тартып көрүү; …жейт; …башын кылтыйтуу; …иттей; …кар жааган; …муштаган; …кыл суургандай; …чөмүчтөп чачуу; …челдин ортосунда; …актоо; …шилекейин чачыратуу; …тең эмес; …эзилүү; …сап болгондой; …дасторкон; …бакты; …бери; …кыр чыгаруу; …түшүү; …баатыр; …жерге коюу; …куймак куйгандай; …алчы конуу; …жолтой; …күчүктөй; …бай. Асты сызылган сөздөрдү маанилеш фразеологизмдер менен алмаштырып, сүйлөмдөрдү жаңыдан түзгүлө. Алгачкы сүйлөм менен кийинки сүйлөмдөрдү салыштыргыла. Айдай — уз кыз. Жолдош — жалкоо бала. Эне сүтү оозунан кете элек Бешиктен бели чыга элек Эшек такалоо Куурай башын сындырбоо Ийне-жибине чейин билүү Беш колундай билүү Ичкен ашын жерге коюу Иштин көзүн таануу Колунан көөрү төгүлгөн 3-көнүгүү. Төмөнкү «Манас» эпосундагы үзүндүлөрдөн фразеологизмдерди таап, маанисин түшүндүрүп бергиле. Курк этерге кузгун жок, Же жол караган тоскун жок. Атпай кыргыз журт болсун, Аккула ат сизге кут болсун! Чарайнадан өтө албай Найза токтоп калыптыр. Өпкө-боорун куушуруп Жаман кылып салыптыр. Этинен тери сызылып, Эки таноо кысылып, Өңү жаман бузулуп, Сокмогу менен найзанын Согуп Сайкал калыптыр. Төрөсү баштап төрт баатыр, Дөөгүрсүгөн капырдын Төгүп канын баратыр. Ашыгып мынча не келди? Калыбет эле бул киши. Кандай да болсо бул ишти. Акбалтага жайылып, Ак издөөдөн тыйылып. Келип кебин угуптур, Айтканын угуп Манастын От көзүнөн чыгыптыр. Синоним фразеологизмдерди туш-тушуна коюп жазгыла. Өзүңөр да бул катарларды уланткыла. Кой үстүнө торгой жумурткалоо Көз ачып-жумганча Кубанычы койнуна батпоо Эшек такалоо Таң кулан өөк болгондо Союп каптагандай Таңдайы кургоо Аягын асманга чыгаруу Кылдан кыйкым табуу Бой көтөрүү Куркулдайдын уясын табуу Ит кууп жүрүү Эгиз козудай Каны катуу Жумурткадан кыр табуу Май чуңкурду табуу Көз ирмегенче Мурдун көтөрүү Төбөсү көккө жетүү Күлүн асманга сапыруу Супа садык чалганда Ак төөнүн карды жарылган 5-көнүгүү. Антоним фразеологизмдерди туш-тушуна коюп жазгыла. Өзүңөр да бул катарларды уланткыла. Баа жеткис Жүрөгүндө оту бар Итке минип калуу Ичи кең Кабагы ачык Кайнаса каны кошулбоо Кара жолтой Оозунан жел чыкпоо Оозуңа таш! Оозун куу чөп менен аарчуу Ичи тар Кабагы бүркөө Ак жолтой Оозу бош Беш тыйынга турбаган Оозуңа май! Камыр-жумур болуу Жүрөгүндө оту жок Жылаңач баатыр Төрт түлүгү шай 6-көнүгүү. Сөз айкашы жана сүйлөм тибиндеги фразеологизмдерди ажыраткыла жана аларды катыштырып сүйлөмдөрдү түзгүлө. Канча компоненттен тургандыгын айтып бергиле. Фразеологизмдердин синоним сөздөрүн тапкыла, аларды катар колдонуу менен сүйлөмдөрдү түзгүлө Эрдин кесе тиштөө Тебетейин көккө ыргытуу Иттин мурду өткүс Жең ичинен Бетинен түгү чыгуу Мыйыгынан күлүү Ыйманы ысык Эр жетүү Суу жүрөк Ортосунан жел өтпөө коркок тымызын жылмаюу сүйүнүү чоңою ачуулануу жыш жылдыздуу өкүнүү ынтымактуу 8-көнүгүү. Көп чекиттин ордуна сан атоочторду коюп, фразеологизмдерди толуктагыла. Өзүңөр да мисалдар келтигиле. Фразеологиялык минимумдагы адамдардын мүнөзүндөгү оң жана терс сапаттарды туюнткан фразеологизмдерди бөлүп жазгыла, маанисин түшүндүргүлө. Акма кулак, ак кол, алчы-таасын жеген, жел өпкө, жүргөн жерине чөп чыкпаган ж. Төмөнкү мисалдардан фразеологизмдерди таап, фразеологиялык талдоо жүргүзгүлө. Ошол жолмогуздан кантип кутулабыз деп кейишет. Кеңешке кой оозунан чөп албаган момун да келет. Көмөчүнө күл тарткан шыпыр да, өлүп кетейин деген жалакор да болот. Мына бул маалим келимдердин алдында абийирим жакшы эле төгүлдү. Өлбөгөн төрт шыйрагым калды. Буга окшогон билдирүүнү газета бетине жарыялоо үч уктаса түшкө кирчү ишпи! Мен сиздин бул оюңузга да кошулам мистер Борк, бул сүйлөшүү менин көзүмдү мурдагыдан да көбүрөөк ачты; Мындай кадам жасоого баруу менен «Трибюн» кандай оор жүктү моюнга алып жатканын жакшы түшүнүп турам; Жоболоң көз ачып-жумганча болду. Анкета: 1- суроо: Фразеологизмдер татаал сөздөрдөн, эркин сөз айкаштарынан, макал-лакаптардан кайсы белгилери боюнча айырмаланат? Өзүң билген фразеологизмдин пайда болушун айтып бер. Тапшырмалар: 1- тапшырма: Кроссворддорду толтургула. «Буюрсун, ушул эле жетишет, мындан көптүн кереги жок» деген мааниде каниет кылганды, ыраазы болгонду билдирүүчү фразеологизм. Үлгү: 2 компо- ненттүү 3 компо- ненттүү 4 компо- ненттүү 5 компо- ненттүү 6 компо- ненттүү 7-8 ком- поненттүү Куш уйку; өмүр бою; Кут болсун! Беш өрдөгүн учуруу; Өмүрүң узун болсун! Бир бозоруп, бир кызаруу; бир бороондук алы жок ж. Бир көзү бир көзүнө жоо; колуна кол, бутуна бут болуу ж. Кашык да май, чөмүч да май; менин колум эмес, Умай эненин колу ж. Айдын он беши кара, он беши ак; Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок ж.

Бул терминдер доскага алдын-ала жазылып, кагаз, маркер таратылып, студенттердин тобуна тапшырылат. «Методические оновы преподавания специального курса «Современная русская фразеология с точки зрения её происхождения» в национальных группах педагогических вузов» 1984Башатова Н. Асан, Үсөн- эгиз балдар. Ошондуктан ар бири алфавит тартибине ылайык өз - өз ордунда берилет да, мааниси түшүндүрүлүп, тийиштүү иллюстрациялык материалдар менен жабдылат. Бүгүнкү күндүн шарттарында кыргыз адабиятын мектептерде окутуу: көйгөйлөрү, милдеттери, келечеги. Жаш изилдөөчүнүн илимге болгон дилгирлиги бааланып, 1975-жылы Улуу Жеңиштин 30-жылдык маарекесинде Кыргызстандагы жаш окумуштуулардын жеңүүчүсү катары Москвага барып келген. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди теориялык, практикалык жактан иликтөөгө арналган бир топ иштер иштелди.

credits

released November 13, 2018

tags

If you like Онлайн тест 1 кыргыз тили жана адабият, you may also like: